Бишкекте 7 миңден ашык абонеттин жарыгы өчүрүлөт

Бишкекте 7 миңден ашык абонеттин жарыгы өчүрүлөт
13-Фев. 2018, Шейшемби, 10:49

Бүгүн, 13-февралда Бишкек шаарында электр кубаты үчүн карызын төлөбөгөн 7 миң 224 абоненттин жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, абоненттердин электр үчүн өз убагында төлөбөгөн карыздары 24,2 млн.сомду түзөт.

Кыш мезгилинин ызгаар суугунда ыңгайсыздыктарды жаратпаш үчүн акционердик коом дебиторлорго тез арада карыздарын төлөөнү сунуштайт.

“Түндүк электр” ААК төлөмдөрдү учур чак менен кабыл алат. «Мобильник», «QIWI», «Quickpay», «UMAI» төлөм терминалдарынан, ошондой эле «Мобильник», «UMAI» электрондук капчыктарынан жана «Айыл Банк» кассаларынан жүргүзүлгөн электр энергия эсептери тууралуу билдирме “Түндүк электр” ААК маалымат базасына ошол замат түшөт.

Белгилей кетсек, “акылдуу” эсептегичтерге (ЭКЭАМЧАС эсептегичтери) кошулган жана өз убагында төлөм жүргүзүлбөгөндүгү үчүн дистанциондук түрдө өчүрүлгөн керектөөчүлөрдүн электр жарыгы, төлөм толук жүргүзүлгөнү тууралуу “Түндүк электр” ААКнын маалымат серверине билдирме түшкөн соң электр жарыкка кошулат. Андан кийин, серверден автоматташтырылган система адамдын катышуусуз абоненттин эсептөө приборуна кошулууга билдирме жөнөтөт.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!