Назира Мамбетовага батир берүү сунушталды

Назира Мамбетовага батир берүү сунушталды
15-Фев. 2018, Бейшемби, 11:43

Жогорку Кеңеште актриса Назира Мамбетовага батир берүүнү сунушталды. Мындай демилгени бүгүн, 15-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина көтөрүп чыкты.

Анын айтымында, ал аталган актрисанын 70 жылдыгына арналган телеберүүдө актрисанын барак тибиндеги үйдө жашарын көргөндөн кийин уялып кеткен.

«Эл артисти Назира Мамбетова 10 миң сомдук айлык менен жашап жатат. Мына биздин маданият кызматкерлерине болгон мамилебиз. Өкмөт башчы актрисанын 70 жылдык мааракесине карата анын эмгеги үчүн ага батир белек кылуунун жолун таап чыкса жакшы болмок», - дейт Карамушкина.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!