Президент: "Миграциянын агымын азайтуу керек"

Президент:
21-Фев. 2018, Шаршемби, 15:36

Бүгүн, 21-февралда президент Сооронбай Жээнбеков Баткен облусуна жумушчу сапарынын алкагында Баткен районунун жана Баткен шаарынын тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

Мамлекет башчысынын айтымында, региондордун бакубатчылыгы өлкөнүн экономикалык өнүгүшүнүн маанилүү фактору болуп саналат.

«Аймактардын мындан ары карай өнүгүшүнө 2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө Жарлык чоң өбөлгө болот деп ишенем. Баткен аймагына өзгөчө көңүл буруу зарыл экенин мен жакшы түшүнөм. Бирок акыркы жылдары Баткен облусунун өнүгүшүнө көп көңүл бурулууда, бул практика мындан ары да уланат. Биздин максатыбыз – фермерлер жана жергиликтүү ишкерлер үчүн зарыл шарттарды түзүү, чакан жана орто бизнести колдоо менен миграцияны азайтуу», - деди Жээнбеков.

Мамлекет башчысы фермерлер өстүргөн бир дагы айыл чарба продукциясы кайра иштетилбей калбашы үчүн региондордо кайра иштетүүчү ишканалар курулаарын айтты. «Мамлекет жер-жерлердеги ишкерлерди колдоо максатында мамлекеттик банктар, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду, Кепилдик фонд сыяктуу финансылык инструменттер аркылуу аларга жеңилдетилген насыяларды алууга жардам берет. Финансы ресурстары адилеттүүлүк менен бардык региондорго бөлүштүрүлөт. Бөтөн өлкөдө мигрант болгончо, өз Мекенинде дыйканчылык кылып, мал баккан жакшы. Андыктан биз элет жергесинде ыңгайлуу турмуш шарттарын түзүшүбүз керек», - деп белгиледи президент.

Ал акыркы жылдары өлкөдө олуттуу өзгөрүүлөр болгонун баса белгиледи. Өлкөдө жолдор салынып, региондордогу фермерлерге жеңилдетилген насыялар берилип жатат, ипотекалык насыялоо мамлекеттик программасы ишке ашырыла баштады

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!