Мамлекеттик жеңилдетилген ипотека 4 381 адамга берилди

Мамлекеттик жеңилдетилген ипотека 4 381 адамга берилди
17-Окт. 2019, Бейшемби, 12:59

“Жеткиликтүү турак-жай-2015-2020” мамлекеттик программасы боюнча жеңилдетилген ипотеканы 2019-жылдын 10-октябрына чейин 4 381 адам алды. Бул тууралуу “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коомунан кабарлашты.

Берилген сумманын көлөмү 5 млрд сомдон ашты.

Баарынан көп ипотекалык насыя Бишкек шаарына туура келет. Калаада 1428 кызматкер ипотекага турак жай алган. Чүй областы боюнча 625, Ош областы боюнча 601, Жалал-Абад жана Ош областарында 546 жана 539 адам насыя алган.

Ошондой эле Ысык-Көл областында 321, Нарын дубанында 171, Баткен областында 76, Талас областында 74 мамлекеттик кызматкер жеңилдетилген насыянын эсебинен үйлүү болушту.

Эскерте кетсек, “Жеткиликтүү турак-жай” программасы 2016-жылдын март айында старт алган. Анын максаты-бюджетте иштеген кызматкерлерге жеңилдетилген насыя берүү. Карызды банк-операторлор берет.

1-ноябрдан тартып мамлекеттик программанын алкагында бериле турган насыялардын жылдык үстөгү 7-9 пайызга чейин төмөндөтүлдү. Ага чейин 8%-12% чекте берилип келген. Программанын оператору “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коому болуп эсептелет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
УКМК:Елисеевдин активдери аныкталып, мамлекеттин кирешесине кайтарылды
УКМК:Елисеевдин активдери аныкталып, мамлекеттин кирешесине кайтарылды
Изилдөө: Ар бир төртүнчү аял жумуш ордунда асылууга кабылат
Изилдөө: Ар бир төртүнчү аял жумуш ордунда асылууга кабылат
27-ноябрга чейин кандай аба-ырайы күтүлөт?
27-ноябрга чейин кандай аба-ырайы күтүлөт?
Жеңиш Разаков “Азия news” гезитин 1 млн сом доого жыкты
Жеңиш Разаков “Азия news” гезитин 1 млн сом доого жыкты
Бактылуу жашоонун формуласы
Бактылуу жашоонун формуласы
Мыйзамсыз бөйрөк алмаштырууга айыпталган дарыгер эки айга камалды
Мыйзамсыз бөйрөк алмаштырууга айыпталган дарыгер эки айга камалды
Ууру жүргөн жерин аныктаган Гуглды айыптоодо
Ууру жүргөн жерин аныктаган Гуглды айыптоодо
Чачтын түшүүсүн токтоткон маска
Чачтын түшүүсүн токтоткон маска
Чуулгандуу иликтөө боюнча президенттик аппарат билдирүү таратты
Чуулгандуу иликтөө боюнча президенттик аппарат билдирүү таратты
Интернет аркылуу баңгизат сатып алгысы келген Бекешев кантип алданды? (видео)
Интернет аркылуу баңгизат сатып алгысы келген Бекешев кантип алданды? (видео)
​Евро-2020: Санкт-Петербургда миңдеген балдар бекер футбол көрүшөт
​Евро-2020: Санкт-Петербургда миңдеген балдар бекер футбол көрүшөт
Өкүлдөр палатасында импичмент иши боюнча коомдук угуулар аяктады
Өкүлдөр палатасында импичмент иши боюнча коомдук угуулар аяктады
 Жээнбеков: Прокуратуранын иши жакшырмайынча, сот өндүрүшү да оӊолбойт
Жээнбеков: Прокуратуранын иши жакшырмайынча, сот өндүрүшү да оӊолбойт
Эшектер эмнеге азайып жатат?
Эшектер эмнеге азайып жатат?
Ден соолукка зыяндуу даамдар
Ден соолукка зыяндуу даамдар
Абылгазиев иш сапары менен Нарын облусуна барат
Абылгазиев иш сапары менен Нарын облусуна барат