​6 айда 4,2 миң үй курулган

​6 айда 4,2 миң үй курулган
1-Авг. 2017, Шейшемби

Улуттук статистика комитетинин билдиргенине караганда үстүбүздөгү жылдын алты айында өлкө ичинде 456,9 миң чарчы метр аянтка 4 миң 216 турак-жай курулган.

Өлкө боюнча салынган турак үйлөрдүн 3 миң 336сы жеке менчик үйлөр.

Аймактар боюнча алганда Жалал-Абад, Ош областарында көп курулган. Ал эми Ош менен Нарын шаарларында үй куруу төмөн болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!