МИК: ипотека аймактарга багытталууда

МИК: ипотека аймактарга багытталууда
21-02-2017

Кыргызстандык жарандар 2017-жылдын экинчи жарымынан тарта “Жеткиликтүү турак жай” программасы аркылуу ипотеалык насыя ала алышат. Бул тууралуу “Мамлекеттик ипотекалык компания” (МИК)ачык акционердик коому башкармалыгынын төрагасы Бактыбек Шамкеев маалымат жыйынында билдирди.

“Мамлекеттик ипотекалык компания” акционердик коому өткөн жылы ачык Каржы министрлиги менен 2,5 млрд. долларга келишимге кол койгон. Өткөн жылы анын 1 млрд. сому алынган. Бирок бул каражат бюджеттик мекемелердин кызматкерлерин үй менен камсыз кылууга жумшалган. Ал эми башка категориядагы жарандар үчүн башка булактар каралып жатат. Ипотекалык насыяны негизинен аймактарда жашаган жарандарга багытталган. Буга Германиялык банкы 11 млн. евро бөлүп берүүгө даяр. Мындан сырткары бул багытка ипотекалык баалуу кагаздарды сатуудан түшкөн каражат да жумшалат”,-дейт Шамкеев .

Бекхан Асанов

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!