Ипотекалык насыя берүү бир млрд. сомдон ашты

Ипотекалык насыя берүү бир млрд. сомдон ашты
03-03-2017

Буга чейин ипотекалык насыя бюджеттик мекемелердин кызматкерлерине гана берилип жаткан. Мамлекеттик ипотекалык компания арзан турак-жай алуучулардын катары калыңдыгын эске алып, насыяны жарандардын баарына берүү аракетин көрүп жатат.

2015-жылдын сентябрь айынан тарта элди арзан үй менен камсыздоо максатында өкмөттүн “Жеткиликтүү турак-жай 2015-2020” программасы иш алып барып жатат. “Мамлекеттик ипотекалык компания” (МИК) ачык акционердик коомунун билдиргенине караганда, компания бир жылга жетпеген убакытта 1 млрд. сомду ийгиликтүү иштете алган. Тактап айтканда ушул убакка чейин 7 миң 132 жаран ипотекалык насыя алуу боюнча арыз менен кайрылган. Анын 840тан ашыгы ипотекалык насыя алды. Ал эми шарттары туура келбей арыздарын кайра кайтарып алган адамдардын саны 2 миңге жакын. Ошондой эле миңден ашык адам арызды аткарууну убактылуу токтото турууну туура көргөн.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын өкүлдөрүнүн айтымында ипотекалык насыянын пайыздык чендерин төмөндөтүү боюнча иштер жүрүүдө.

2016-жылдын март айында пайыздык чендерди 12-14 менен берип келген. Сентябрь айынан тарта пайыздык ченемдер 10 пайызга чейин төмөндөдү. Мындан ары да кошумча каражаттар табылып калса дагы төмөндөтүү аракети болот. Ал эми бюджеттик мекемелерде иштегендер үчүн насыяны кайтаруу мөөнөтүн 15 жыл бойдон калтыруу сунушталууда.

Ошону менен эле бирге Ипотеканы жаңы үй сатып алууга, өз жер тилкесине турак жай салуу үчүн да алса болот.

Ипотеканы муктаждардын баарына берүү каралууда

Турак-жайга муктаж болгондордун саны жогору. Муну эске алып МИК жарандардын баары ала турган ипотекага каражат алып келчү инвесторлорду издөөдө. Кыргыз өкмөтү март айында Германиянын өнүгүү фонду (KfW) менен 11 млн. евро боюнча келишимге кол коюушат. Анын 10,5 млн. жалаң ипотекалык насыяларды берүүгө жумшалмакчы. Бул акча инвестиция катары келет. Мындан тышкары МИК ипотекалык баалуу кагаздарды чыгарып, аны сатуудан түшкөн каражаттарды да каалоочулардын баарына насыя катары берүү пландалууда. Компания 2017-жылы ушундай жол менен 300-500 млн. сом тартууну көздөп жатат.

МИК башкармалыгынын төрагасы Бактыбек Шамкеевдин айтымында бюджеттик мекемеде иштебегендер үчүн алгачкы насыялар быйыл жылдын аягына чейин берилип калышы мүмкүн.

“Бул маселени компания ушул тапта караштырып жаткан чагы. Мүмкүн бюджеттик мекемеде иштебегендердин үстөк пайызы бир аз жогору болушу ыктымал. Бирок бул маселе боюнча так чечим азырынча кабыл алына элек”,-дейт Шамкеев.

Ипотеканы алуунун шарттары

Ипотекалык насыянын максималдуу суммасы 3 млн. сомго чейин. Эң узактыгы 15 жылга чейинки мөөнөттө берилет.

Үй алууну каалаган жарандын жашы 21 жаштан жогору болушу зарыл. Анын жеке менчик турак жайы болбошу керек. Акыркы иштеген жериндеги эмгек стажысы 3 жылдан кем болбоого тийиш. Ошондой эле анын кирешеси ипотекалык насыяны жабууга жетип үй бүлөөсүнүн башка чыгашаларын жаба ала турган болушу зарыл.

Ал эми алынган турак-жайдын аянты жер үйлөр үчүн 150 чарчы метр болсо батирдин аянты 70 чарчыдан ашпоого тийиш. Ипотекалык насыяга алынган турак-жай мыйзамга ылайык жыл сайын милдеттүү түрдө камсыздандырылып турууга тийиш.

Жеңилдиктер

Толугу менен же жарым-жартылай мөөнөтүнөн эрте төлөнгөн учурда комиссия кармалбайт.

Катышуучунун жеке салымы жок болсо, өнөктөш-банктын ыктыяры боюнча кошумча күрөөнү коюуга, ошондой эле кепилдик фондунун каражаттарынан же бюджеттик уюмдар үчүн башка булактардан каралган кепилдик милдеттенмелерге жол берилет.

Бекхан Асанов

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!