Үй кургандар көбөйгөн

Үй кургандар көбөйгөн
7-Дек. 2017, Бейшемби, 14:05

Жыл башынан бери ноябрь айына чейин 5 миң 890 жеке турак-жай курулду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Маалыматка караганда, 10 ай ичинде өлкө боюнча жалпы 678 миң чарчы метр турак үй курулган. Анын 445 миң чарчы метри же 66 пайызы айыл жерине тиешелүү. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 3,5 пайызга көптүк кылат.

Үстүбүздөгү жылы жеке турак жайдын курулушуна калк 10 млрд. 685 млн. сом инвестиция салган.

Курулган үйлөрдүн көпчүлүгү же 73,5 пайызы Ош, Жалал-Абад областы жана Бишкек шаарына туура келет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!