​Ипотека алуу 2,5 эсе өскөн

​Ипотека алуу 2,5 эсе өскөн
9-Дек. 2017, Ишемби, 12:58

Үстүбүздөгү жылдын 10 айында ипотекалык насыянын жалпы көлөмү 4 млрд. 942 млн. сомго жетти. Бул тууралуу Улуттук банктын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, турак-жай алуу үчүн берилген насыя өткөн жылга салыштырмалуу 2,5 эсе өскөн. Алынган насыянын басымдуу бөлүгү 4 млрд. сому же 81 пайызы сом менен жүргүзүлгөн.

2017-жылы банктарда ипотеканын төлөм түзүмүнун жылдык орточо өлчөмү 14,6 пайызды түзгөн. Ал эми 2016-жылы бул өлчөм 14,97 пайыздан болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!