Жөнөкөй жарандарга да ипотека берилет

Жөнөкөй жарандарга да ипотека берилет
16-Дек. 2017, Ишемби, 12:24

2018-жылдан тарта мамлекеттик жумушта иштебеген жарандарда ипотекалык насыя ала лышат. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниясы билдирди.

Маалыматка караганда, мамлекеттик жумушта иштегендерге 8-10 пайыз менен берилсе, ал эми мамлекеттик жумушта иштебегендерге 12-15 пайыздан берилет.

Ипотекалык насыянын мөөнөтү 15 жыл. Ипотекалык насыя ала турган жаран 21 жаштан 65 жашка чейин болушу керек. Насыя Бишкек жана Ош шаарынан тышкары аймакта үй салууга жана сатып алууга гана берилет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!