“A”- силуэтиндеги көйнөктөр

“A”- силуэтиндеги көйнөктөр
30-Март 2018, Жума, 09:21

Акыркы убактарда кыздар эркектерден айырмалангысы келип, өздөрүнүн назиктигин баса белгилегилери келе баштаганын байкоого болот. Бирок кичинекей көйнөктөр ар бир фигурага жараша бербейт. Ар кандай учурга төп келген универсалдуу көйнөк-бул A-силуэтиндеги көйнөк болуп саналат. Алар көкүрөк тушта тар моделде келип, төмөндөгөн сайын кенен болот. Мындай көйнөктөр «А» тамгасына окшошуп кетет. Жана бул фасон трапецияга окшош.

А- формасындагы көйнөктөр качан пайда болгон? Эң алгачкы кийим үлгүсүн өзүнүн кийим коллекцияларында колдонууга киришкен мода дизайнерлеринин бири - Кристиан Диор. 1955- жылы коллекциясында тизеге чейин келген юбка менен костюм топтомунун конструкциясы көйнөктүн трапецияга окшош болгон. Ушундай стилди Ив Сен-Лоран дагы өзүнүн жаз мезгилине арналган мода көрсөтүүсүндө да сунуштаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!