Модага айланган медициналык маска

Модага айланган медициналык маска
11-Апр. 2018, Шаршемби, 17:00

Азыр дүйнөнүн кооз шаарларында биринен өтүп экинчисинде өтүп жаткан мода жумалыктарына кабылып калган болсоңуз, «элдин баары сасык тумоого кабылганбы?» деген ойго келесиз.

Себеби, көпчүлүк адамдар жүздөрүн жашырып медициналык маска тагып алгандарын көрөсүз. Алардын жөнөкөй маскалардан айырмачылыгы – түрдүү түстүү болушу менен белгилүү мода үйлөрүнүн логотиптери тартылган.

Бул салты биринчи болуп Эстер Берг аттуу блоггер баштаган. «Мен сасык тумоо тийгизүүдөн коркомун, бирок андан улам мода жумалыктарынан арта калгым келбейт»,– дейт ал. Блоггер коопсуздук каражатын мода кылып кооздоп алуу ар кимдин өз колунда экенин айтат.


Жалпысынан алып караганда «маска тагуу маданияты» Сеул (Түштүк Корея) жана Токио (Япония) тургундарынан тараган. Аталган өлкөлөрдө абанын кир болушуна байланыштуу алар ушундай кадамга борууга мажбур болушат. Ошондуктан, дүкөндөрдө логотипби бар маскалардын миллион түрүн табууга болот.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!