Мыкты табиттин белгилери кандай?

Мыкты табиттин белгилери кандай?
10-Июль 2018, Шейшемби, 12:45

Стилдүү көрүнүү үчүн байлыктын кереги жок. Болгону кийим түрлөрүн жарашыктуу айкалаштыра билсеңиз болду.

Сиздин табитиңизди көрсөтүүчү төмөндөгүдөй белгилерден оолак болуңуз.

Түстөрдүн айкалышуусун сактай албоо

Түрдүү түстөгү кийимдерди айкалыштыра алуу — көпчүлүктүн колунан келе бербейт. Бир убакта бир нече каныккан түстөгү кийим кийүүнүн кереги жок. Алгач, бир түстүн бир нече өңүн гана айкалыштырып көрүңүз. Мисалы: кызыл менен кызгылт, көк менен көгүш жана башка. Кийин башка дагы түстөрдү жарашыктуу кылып айкалыштырып алууну билип каласыз.

Бренд аталышы жазылган кийимдерден алыс болуңуз. Стилдүү көрүнөбүз деп кээ бир кыздар бренддин аталышы жазылган футболка, көйнөктөрдү тандап алышат. Бул катачылык. Анткени бренддин түп нускасында эч качан анын аталышы жазылбайт. Жасалма, фейк, реплика табити мыкты бийкечтин гардеробунда болбошу керек.

Аксессуарды туура тандай албагандык

Туура тандалган аксессуарсыз образ толук болбойт. Ал адатта образдын акыркы чекитинин кызматын аткарат. Бирок, ошондой экен деп болгон зер буюмдарды тагып алуу сизди сулуу көрсөтпөйт. Аксессуар тандоодо ката кетирбеш үчүн өз образыңыз менен кийимдин түсүнө маани бериңиз.

Дене-мүчөңүзгө шай келбеген кийим кийүү. Жогорку табит — өзүңүзгө кандай стиль менен кандай түс туура келерин туура аныктоо. Адатта, ага жетүү үчүн бир аз катачылыктар кетет. Ошондуктан милдеттүү түрдө өзгөчөлүктөрүңүзгө маани берип, көркүңүзгө көрк кошо турган кийим тандоого аракет кылыңыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Орток декларация: Укуктун үстөмдүгүн талап кылабыз
Орток декларация: Укуктун үстөмдүгүн талап кылабыз
Милиция кызматкери башында турган кылмыштуу топ пара менен кармалды
Милиция кызматкери башында турган кылмыштуу топ пара менен кармалды
«Сулайман-Тоо» комплексинин макамынын сакталышы көзөмөлгө алынат
«Сулайман-Тоо» комплексинин макамынын сакталышы көзөмөлгө алынат
​Месси “Дэвис Кубогунун” инвесторлорунун бири болду
​Месси “Дэвис Кубогунун” инвесторлорунун бири болду
Уруксаты жок туристтер Эверестке чыга албайт
Уруксаты жок туристтер Эверестке чыга албайт
​Футболчу оюн учурунда каза болду
​Футболчу оюн учурунда каза болду
Казак журналисти текебер шаардыктарга нааразы болду
Казак журналисти текебер шаардыктарга нааразы болду
Дубалдын айынан өзгөчө кырдаал кирет
Дубалдын айынан өзгөчө кырдаал кирет
Калдык сактагычтарды рекультивациялоо маселеси талкуулады
Калдык сактагычтарды рекультивациялоо маселеси талкуулады
Куудулдар Ысык-Көлдүн элине күлкү тартуулашат
Куудулдар Ысык-Көлдүн элине күлкү тартуулашат
​Футболчуну акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт
​Футболчуну акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт
Айпери Кубик кызы президент тууралуу түшүн жорутууда
Айпери Кубик кызы президент тууралуу түшүн жорутууда
​Көк-бөрү боюнча эл аралык мелдештердин эрежеси өзгөрдү
​Көк-бөрү боюнча эл аралык мелдештердин эрежеси өзгөрдү
Рыскелди Момбеков: “Бийлик миң кишинин үйүн сүрдүрө албайт” (видео)
Рыскелди Момбеков: “Бийлик миң кишинин үйүн сүрдүрө албайт” (видео)
​Лев Яшин тарыхтын мыкты дарбазачысы аталды
​Лев Яшин тарыхтын мыкты дарбазачысы аталды
Путин манжасын оорутуп алды
Путин манжасын оорутуп алды