"Mango" бренди эко-коллекциясын сунуштады

4-Апр. 2017, Шейшемби

Азыркы убакта дизайнерлер айлана-чөйрөгө жана табиятты коргоо маселесине көп көңүл бура башташты. Алар биздин планетага зыян алып келбеген кийим-кечелерди ойлоп табышууда. “Mango” компаниясы да четте калбай өзүнүн биринчи эко-коллекциясын сунуштады.

Экологиялык таза мода тездик менен күч алууда жана буга кубанууга болот. Дизайнерлер коллекцияда органикалык таза иштетилген пахта, модал кездемелерин, химиясыз, коопсуз боёк менен боёлгон материалдарды колдонушкан.

Коллекцияда жеңил жакеттер, кенен шымдар, жабык пансион окуучулардыкындай узун күнүмдүк кийилүүчү көйнөктөр,кыска юбкалар көрсөтүлгөн.

“MANGO Committed” сьемкалары үчүн органикалык архитектура эстелиги тандалып алынган. Ал Франциянын Туррет-сюр-Лу шаарындагы Антти Ловаго тарабынан курдурулган "Maison Gaudet” эстелиги. Эстелик бекеринен тандалып алынган эмес, себеби, бул жерде табият менен дизайн бири-бири менен айкалышып бутүн бир организмди түзөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!