Спорттук бут кийимдерди кандай айкалыштырууга болот?

  Спорттук бут кийимдерди кандай айкалыштырууга болот?
23-Июль 2018, Дүйшөмбү, 13:02

Убакыт менен жарышкан кыз-келиндер спорттук бут кийимдерге чоң маани берип келишет. Бутка жеңил, басканда ыңгайлуу, кроссовкаларга деген суроо-талап менен кызыгуучулуктун артканын байкаган дизайнерлер менен стилисттер да жөнөкөй бут кийимдерге жаңы өмүр тартуулашты. Аларды жалаң гана спорттук кийимдер менен эмес, кеңсе костюмдар, жеңил сарафандар, кечки көйнөктөр менен айкалыштыра кийүүнү сунуштап жатышат. Назиктиктин белгисине айланган көйнөктөр менен күч-кубатты көрсөткөн спорттук бут кийимдерди кандай айкалыштырууга болот?

Жалпысынан кеда, кросстор жөнөкөй көрүнөт. Ал эми эгер кооз көйнөк менен «жаркырап» жүргүңүз келсе, анда спорттук бут кийимдерди ошол көйнөгүңүз менен кийгенден мурун жакшылап ойлонуп алыңыз. Өтө назик көйнөктөр, өзгөчө кооз чачыласы, желбиреген, бүктөлмөлөрү барлар спорттук бут кийим менен кийгенде ошондой жарашыктуу боло бербейт. Муну да эске алыңыз!

Эгер түрдүү түстөрдөн «коркуп», чыгына албай жатсаңыз, анда бир түстөн баштаңыз. Мисалы, ак көйнөк менен ак кросс, ошол сыяктуу кара көйнөк менен да кийиңиз. Ал эми ачык, түстөрү каныккан көйнөктөргө бир түстүү кросс жарашат.

Жеңил, жумшак спорттук бут кийимдер жибек, шифон кездеме менен, ал эми сникерстер жынса, чий баркут, тери менен жарашыктуу болот.

Спорттук бут кийимдер менен кенен юбка, мисалы коңгуроо сыяктуу, А формадагы көйнөктөр кооз жарашат.

Ал эми формасы тик келген көйнөктөр менен юбкаларды кросстор менен кийбеген оң. Анткени ал адамдын боюн кыска, жана жалпак кылып көрсөтөт.

Булгарыдан тигилген көйнөк менен булгары, кара көйнөктөр стильдүү көрүнөт.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Орток декларация: Укуктун үстөмдүгүн талап кылабыз
Орток декларация: Укуктун үстөмдүгүн талап кылабыз
Милиция кызматкери башында турган кылмыштуу топ пара менен кармалды
Милиция кызматкери башында турган кылмыштуу топ пара менен кармалды
«Сулайман-Тоо» комплексинин макамынын сакталышы көзөмөлгө алынат
«Сулайман-Тоо» комплексинин макамынын сакталышы көзөмөлгө алынат
​Месси “Дэвис Кубогунун” инвесторлорунун бири болду
​Месси “Дэвис Кубогунун” инвесторлорунун бири болду
Уруксаты жок туристтер Эверестке чыга албайт
Уруксаты жок туристтер Эверестке чыга албайт
​Футболчу оюн учурунда каза болду
​Футболчу оюн учурунда каза болду
Казак журналисти текебер шаардыктарга нааразы болду
Казак журналисти текебер шаардыктарга нааразы болду
Дубалдын айынан өзгөчө кырдаал кирет
Дубалдын айынан өзгөчө кырдаал кирет
Калдык сактагычтарды рекультивациялоо маселеси талкуулады
Калдык сактагычтарды рекультивациялоо маселеси талкуулады
Куудулдар Ысык-Көлдүн элине күлкү тартуулашат
Куудулдар Ысык-Көлдүн элине күлкү тартуулашат
​Футболчуну акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт
​Футболчуну акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт
Айпери Кубик кызы президент тууралуу түшүн жорутууда
Айпери Кубик кызы президент тууралуу түшүн жорутууда
​Көк-бөрү боюнча эл аралык мелдештердин эрежеси өзгөрдү
​Көк-бөрү боюнча эл аралык мелдештердин эрежеси өзгөрдү
Рыскелди Момбеков: “Бийлик миң кишинин үйүн сүрдүрө албайт” (видео)
Рыскелди Момбеков: “Бийлик миң кишинин үйүн сүрдүрө албайт” (видео)
​Лев Яшин тарыхтын мыкты дарбазачысы аталды
​Лев Яшин тарыхтын мыкты дарбазачысы аталды
Путин манжасын оорутуп алды
Путин манжасын оорутуп алды