Меган Марклдын үлпөт көйнөгү кандай болгон?

Меган Марклдын үлпөт көйнөгү кандай болгон?
9-Авг. 2018, Бейшемби, 10:36

19-майда Меган Маркл принц Гарриге турмушка чыкты. Анын үлпөт көйнөгүнүн дизайны акыркы убакытка чейин сыр бойдон. Жооптуу үлпөт көйнөгүн британиялык белгилүү дизайнер Клэр Уэйт Келлерге ишеним артып тапшырышты. Ал Франциянын менмин деген “Givenchy” үлпөт үйүндө иштейт. Тойго дизайнер падышалык консерванттык жана заманбап учурду айкалыштырган соонун үлпөт көйнөктүн дизайнын ойлоп тапты.

Меган ар түрдүү бермет, билерик жана шурулардан баш тарткан. Көйнөк күлгүн жана ошол эле учурда абдан жөнөкөйлүгү менен өзүнө тартты.


Албетте, жомоктогудай образдагы көйнөктү жибектен жасалган фата ачып берди. Ага айкалышып көз жоосун алган бриллианттан жасалган тиар (башка кийүүчү баалуу тажы) да кем калышпады.

Анын той гүлүндө дүйнөнүн 53 өлкөсүндө өскөн гүлдөр чагылдырылган. Тиар (баалуу таш) болсо 1953-жылдан бери жарык көргөн эмес. Аны падыша Елизавета II өздүк резервинен алдырган.

Эскерте кетсек, бул “Филлиграндык тиарды” убагында хан айым Мэри да кийген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!