2017-жаз-жай: босоножка моделдери

2017-жаз-жай: босоножка моделдери
6-Апр. 2017, Бейшемби

Заманбап мода күтүлбөгөн окуяларга бай болоору эч кандай деле жаңылык эмес. Кызыктуу түстөр, өзгөчө конструкциялар, окшошпогон материалдар жана стил- бул мода жаз-жай 2017-жылдын дээрлик бардык коллекциясында байкалат. Жаңы жылуу мезгил өзгөчө сюрприздерди даярдады. Мисалы, “Vivienne Westwood жана Thakoon” кайрадан клог кийүүнү сунушташууда, тактап айтканда табигый материалдардан тамандалып жасалган босоножкалар.

Ошол эле учурда “Versace жана Emilio Pucci” үлгүлөрү пластмассадан жасалган бийик такалуу болсо, ал эми “Marni” бренди цилиндирлүү формадагы танкетка бут кийимдерин сунушташкан. Көргөзмөдөгү ар бир жаңы модел өзгөчө уникалдуу чечим.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!