Чачты узак убакыт жубай коё турган чач үлгүлөр

Чачты узак убакыт жубай коё турган чач үлгүлөр
3-Окт. 2018, Шаршемби, 13:45

Майлуу баш тери күн сайын көптөгөн кыздарды чачты жуганга мажбур кылат. Стилисттер бул процедура боюнча убакытты (жана шампунь) коротпой, жарашыктуу чач үлгүсүн жасап алууга кеңеш беришет.

Чачтын тазалыгын узак убакыт сактоого жардам берген чач үлгүлөрү (прическа), укладка (кудри жана начес) тууралуу сөз кылмакчыбыз.

Таралбай байланган чач

Чачтын түбүндөгү майлуулукту жашыруу үчүн чачты начес кылып тарап, байлап алыңыз. Эгер биринчи күнү ушндай байлап ала турган болсоңуз, бул түрдөгү чач үлгүсү экинчи күнгө дагы жетет.

Төбөгө байланган чач

Төбөгө байланган чач үлгүсү америкалык ырчы Арианы Гранденин сүйүктүү образы. Чачты байлаганда анын алдына кошумча чач же калың резинка колдонсоңуз болот.

Түйүп алуу

Чачты түйүп алуу үлгүсү бул ошол эле тарабай байлап алган узун чачка окшош. Бир нече тал чачты түшүрүп, түйүп алсаңыз чачты жууй элегиңиз көп билинбей калат.

Асимметрия

Башты жуугандан кийин экинчи күнү каптал жактан тең экиге бөлүп, тармалдаштырып алсаңыз болот. Бул образ менен азркы күндөгү модага айланган чач үлгүсүнө ээ болосуз.

Сууланган чач үлгүсү

Мындай чач үлгүнү көпчүлүк жасай бербейт, ошондуктан ал үчүн чечкиндүү болуу керек. Ага карабастан мода жумалыктарында лак жана гел менен жасалган чачтар өзүнүн популярдуулугун тастыктай алды.

Майда тармал

Диско стилиндеги бул чач үлгү менен бир жума бою башты жуубай журө берсе да болот. Тармал чач менен төрөлгөн кыздардын чачтары кургак болот жана бул себептен көп жуушпайт. Тармалдашкан чач теридеги майды бүтүндөй чачка таралуусуна көпкө чейин жол бербейт. Ошондуктан чачты түбүнөн баштап тармалдатып алсаңыз, көпкө чейин таза чач менен жүрө аласыздар. Химия дагы бул көйгөйдү чечүүгө жардам бериши мүмкүн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!