Ханыша Раниянын элеганттуу образдары

Ханыша Раниянын элеганттуу образдары
4-Окт. 2018, Бейшемби, 14:00

Бул жашоодо ар бир айым ханыша. Ал үчүн адам өзүнүн ички жан дүйнөсүн гана эмес сырткы келбетин да эң мыкты деңгээлде алып жүрүш керек. Мисалы, Иорданиянын ханышасы Ранияны алсак. Ал заманбап жана стилдүү айым, ал араб аялдарынын мода дүйнөсүнө төңкөрүш жасап келет. Ал өзүнүн бул кадамы менен араб аялдарындагы жөнөкөй жана жашыруун көрүүнүсү керек деген көз карашты бузду. Рания – дүйнөдөгү сулуу жана таасирдүү аялдардын бири.

Ар бир көрүнүшү менен ал өзүнүн модадагы чечимдерин көрсөтөт. Ханышаны бүткүл дүйнөдө кабыл алынган классикалык көйнөктөрдө да, ошондой эле, араб оймолору тартылган өзгөчө көйнөктөр менен да көрө алабыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!