Эффективдүү образ үчүн “сигарет” шымдары

Эффективдүү образ үчүн “сигарет” шымдары
5-Окт. 2018, Жума, 14:33

“Сигарет” шымдары атайы тааныштырууга муктаж эмес. Алардын бычылган формасы тамекиге окшош, ичке жана тик болот. Бул фасон мырзалар менен аялдар арасында популярдуу. Кандай моделдер бар, эмне менен киет жана “сигарет” шымдарынын өзгөчөлүктөрү тууралуу сөз кылмакчыбыз.

“Сигарет” шымдарынын тарыхын карай турган болсок алар алыскы XX кылымдын 50-жылдарынан башталат. Баардык нерседен экономдоого байланыштуу минимум кездеме менен тигилген бул фасондогу шымдар пайда болгон. Алар кенен мрделдеги шымдардын ордун баскан. Дагы бир ичке шымдардын популярдуулугун арттырган окуя –бул Элвис Преслинын стилдүү шымдар менен эл алдына чыга башташы. Ошондон тартып “сигарет” шымдар трендге айланып, көпчүлүк мода сүйүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө айланган.

Азыркы күндө бул түрдөгү шымдар бир нече өзгөчөлүккө ээ:

  • Модель жана фасонов ар түрдүүлүгү
  • Түз “стрелка”нын болушу милдетүү эмес
  • Бир түстүү же ар түрдүү принттеги шымдар
  • Тигүүдө калың кездемени колдонуу
  • Эластан кездемелерин колдонуу

“Сигарет” шымдар – шаардагы тынымсыз жашоо шартына ылайыкташкан кыз-келиндерге жана аялдарга арналган мыкты түрү.

Алар ыңгайлуу, универсалдуу жана баардык кийимдер менен жарашыктуу келет. Жана ошондой эле шымдын көптөгөн түрү менен сизге жаккан жана дене мүчөңүзгө төп келгенин тандай аласыз.

Төмөндөгү критерий менен “сигарет” шымдардын моделдери айырмаланат:

  • Бели – өйдө шымдалган, ылдый шымдалган жана классикалык түрү
  • Шымдын узундугу – калптуу узундук, 7/8 же ¾.
  • Колдонулган кездеме – калың (костюмга ылайыктуу, вельвет) же жука (шелк, шифон).
  • Жалпы стилистикасы – кеңсе үчүн, кечеге арналган, күнүмдүк.

“Сигарет” шымдарынын жөнөкөй бычылгандыгы жан элеганттуулугу үчүн гардеробдогу баардык кийимдер менен айкалыштырууга болот. Алар – күнүмдүк “лук”тун негизги элементти болуп саналат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!