Күз-кыш 2019-жылдын эң модалуу кийими аталды

Күз-кыш 2019-жылдын эң модалуу кийими аталды
18-Окт. 2018, Бейшемби, 14:05

Табигый терини пайдалануудан баш тартуу – чыныгы тредке айланууда. Жакында эле териден тигилген кийимдердин катышуусуз Лондондо мода жумалыгы болуп өттү. Ал эми жакынкы мезгилде дизайнерлер чыныгы эмес, жасалма терилерден тигилген кийимдерди кийүүнү сунушташууда.

Ушул кыштын негизги хитине «чебурашка» ачык неон түстөгү кийимдер ээ болот. Ошенткени менен күз-кыштын эң модалуу кийим-кечеси деп жасалма леопарддын жүнүнөн тигилген пальто болмокчу. Бул принт бизге алыскы 80-жылдардан келген.

Негизи ар бир мезгилдин экстравагантуу образды жактырган адамы болот. Кээ бирөөлөр модалуу түстөрдү аралаштырып, стилдүү образдарды жаратышат. Башкалары баштан аякка чейин леопард өңдөгү кийимди кийип алышып, таң калтырышат. Кандай болгон күндө да, леопард кийим күйүүнү кааласаңыз, бирок эрк жетпей жатса – шуба сатып алыңыз. Эми ага расмий түрдө уруксат бар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР