Күз жана кышка арналган базалык свитерлер

Күз жана кышка арналган базалык свитерлер
31-Окт. 2018, Шаршемби, 16:15

Күз, кыш мезгилинде гардеробдун “башкы каарманы” жылуу свитер болуп калат эмеспи. Ошол эле маалда жылуу жана ыңгайлуу чоң свитер милдеттүү түрдө кеңсе кийимине же сүйүктүү образңызга тоскоолдук жаратпай. Чоң свитерлер — бул тоого чыкканда же айылга барганда гана кийиле турган кийим эмес.

Бүгүн биз сиздерге өзүнүн актуалдуулугун жоготпой келген “oversize” свитерлери тууралуу сөз кылмакчыбыз.

Кашемир “TURTLENECK”

Кенен келген жакасы тик туруп турган свитер калың жүндөн токулат. Кашемирди жылуу пальтонун же куртканын ичинен кийип алса жарашыктуу келет.

— классика — turtleneck oversize + ак көйнөк

Эгер сиз “oversize” стилине жакын болсоңуз, анда свитердин ичинен жеңи чыгып турган ак көйнөк кийип алыңыз. Же болбосо ак көйнөктүн жеңи көрүнүп туруш үчүн свитердин жеңин түрүп таштасаңыз да болот жана албетте саат тагыныңыз.

— turtleneck oversize + джинсы көйнөк

80-жылдардагы мода менен бирге бул образ кайрадан мода журналдарынын бетине жана көчөлөргө кайрылып келет. Стилдүү образ түзүү үчүн свитерди ичке узун джинсы шым менен жана “statement” бут кийими менен айкалыштырыңыз.

— turtleneck oversize + юбка жана такалуу бут кийим

Ошол эле учурда контрастуу сулуулук тууралуу да унутпаңыз — кенен жана жакалуу свитер назиктикти тартуулаган ичке юбка жана классикалык бут кийим менен контрастуу көрүнөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР