2018-2019-жылдын жылуу күрмөлөрү

2018-2019-жылдын жылуу күрмөлөрү
30-Ноя. 2018, Жума, 11:43

Кыш түшкөндөн тартып кыз-келинчектер стилдүү жана акыркы модадагы сырткы кийимди издеп башташат. Эң жакшысы жылуу жана стилдүү “пуховик” күрмөсү боло алат. 2018-2019-жылдын күрмөлөрү аты чыккан дизайнерлердин коллекцияларынан көрө алабыз. 2018-2019-жылдын модалуу “пуховиктери”- түрлүү-түстүү, жылуу, стилдүү, суук аба ырайында сизди жылыткан жана ар бир кызга өзгөчө образ тартууламакчы.

Кыз-келиндер үчүн күрмөлөрдү түрдүү фасондору чыккандыгына байланыштуу ар ким өзүнө ылайыктуусун жана жарашыктуусун тандай алат.

Оверсайз

Бардык мода кийимдер оверсайз стилинде болмокчу. Свитер, жакеттер жана джемперлер чоң, кенен өлчөмдөгүлөрү мода айланат. Ошондой эле, келе жаткан сезондо да “ийини түшүп” турган кенен күрмөлөр тренд болмокчу.

Мындан сырткары, жеңи кыска келген, асимметриялык моделдер “пуховик” көйнөк, салттуу классика, “пуховик-обманка”, түрдүү кошумчалары менен күрмөлөрдү тандасаңыз модадан артта калбайсыз.

2018-2019-жылдын кыш мезгилинде классикалык пальто сыяктуу тигилген “пуховик” күрмөлөр актуалдуу болот. Мындай сырткы кийимдер бардык күрмөлөр сыяктуу кенендиги менен айырмаланат. Бирок бычылганына (крой) байланыштуу – трапециялуу, “мешковатый”, көрктүү жумуру ийиндери менен ар бир сулуунун купулуна толмокчу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!