Кейт менен Мегандын ар дайым сүрөткө сулуу түшүүсүнүн сырлары

Кейт менен Мегандын ар дайым сүрөткө сулуу түшүүсүнүн сырлары
25-Дек. 2018, Шейшемби, 11:58

Сен өзүндү герцогиня сыяктуу алып жүрө аласыңбы? Кейт Миддлтон менен Меган Марклдын ар бир сүрөткө сулуу болуп тушүүсүнүн сыры эмнеде? Миддлтон менен Марклдын А дан баштап Яга чейинки позалары...

Табигый көрүнүш

Королдук үй-бүлөнүн мүчөлөрү макияжды аз боёп, табигый көрүнүшкө басым жасашат.

Көз контактысынан алыс болуңуз

Кейт Миддлтон, адатта, камераны тик кароодон качат.

Башты бир аз буруу

Меган Маркл фото сүрөттөрдүн көпчүлүгүндө башын бир аз кыйгачтатып бурат. Себеби ал өзүн сулуу көрсөткүсү келет.

Түз туруу

Туура поза сүрөттө жакшы көрүнөт. Тик жана түз туруу бийик така менен кыйын болсо да Кейт Миддлтон муну ар дайым мыкты жасайт.

Ийинди камерага буруңуз

Камерага караган ийиндер белди ичке кылып жана бутту узун кылып көрсөтөт. Кейт Миддлтон камерага туура карайт.


Көйнөктөрдун түсү жана материалы

Адатта герцогиня эч качан бир нече түстүү аралаштырып кийбейт. Ага карабастан, Миддлтон дагы, Маркл дагы, ачык түстөгүү көйнөктөрдү анда-санда кийип чыгып калышат. Герцогинияларга жаркыраган материалдардан ичке белдерин баса белгилеп көрсөтүшөт.

Отурушу

Кейт Миддлтон бутун ар дайым бир тарапка кыйшайтып, кайчылаштырып отурат.

Аксессуарды көрсөтүү

Меган Марклдын аксессуарлары ар дайым баса белгиленет. Себеби ал өтө билгизбестен аларга акцент жасап көрсөтүүгө аракет кылат.

Колдордун турушу

Кээде сүрөткө тушүп жатып колду кайда коёрду билбей калган учурлар кездешет. Ал эми бул Кейт Миддлтон үчүн көйгөй эмес. Ал колдорун кааласа сумка кармап, кааласа бири-бирине коюп түшөт.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!