2019-жылдын мода тренддери

2019-жылдын мода тренддери
10-Янв. 2019, Бейшемби, 13:20

Баардык аялзатына модадан калбай жүрүү маанилүү жана күн санап мода өзгөрүп жатат. Дүйнөнүн башкы модельерлери бул жылдын башкы түсү сары өң деп белгилешүүдө. Ошондуктан бул өңдөгү бут кийим, сумка жана кийим-кече ала берсеңиздер болот. Маникюр жана педикюрду да бул түс менен тажрыйба жасап көрүңүз. Ал эми тайманбаган эрктүүлөр сары түстөгү тень жана помада да колдонуп көрсө болот. Бул өтө стилдүү жана өзгөчө көрүнөт. Бул жылы эмне кийип жана сатып алуу керек?

Дубленкалар кайрадан бул жылы модада. Узундугу ар кандай болушу мүмкүн, эң башкысы ыңгайлуу болсо болду.

Өзгөчө тренд катары - бул спорттук кийим менен кеңсе кийимдерин айкалыштыруу болуп саналат. Мисалы, спорттук шымды свитер, рубашка, блузка менен кийүү. Же тескерисинче классикалык шым менен спорттук олимпийканы жараштыруу. Түстөр менен эксперимент жасоодон коркпоңуз.


Көп жылдардан бери тренд болуп, модадан чыкпаган тери (кожа) жөнүндө кеп кылсак. Эгер аны туура айкалыштырып, жарашыктуу кийимдер менен кийсе өтө кооз образ жаралат. Ар бир нерсенин чегин билген маанилүү. Бутүндөй кийимдерди териден кийген жарашыксыз көрүнөт. Тери юбка жана көйнөк өтө ачык жана мыкты көрүнмөкчү.

Дагы 2018-жылы тунук болгон пластиктен жасалган сумкалар мода болгон. Бирок мода бир орунда туруп калган жок, эми пластиктен тигилген куртка, шым, көйнөк сатып ала аласыз.

Быйыл өзгөчө тренд пайда болот, бул велосипед тебүү үчүн кийген кыска шымдар (шорта). Эгер спортту сүйсөңүз жана бул кыска шымдар ыңгайлуу болсо, анда аны көчөгө кийип жүрсөңүз болот. Бир жагынан модалуу жана ыңгайлуу болмокчу. Мындай кийимди көйнөк, туника, блузка жана футболка менен айкалыштырууга болот.

Эгер көп кийим-кечеге көп акча коротууну каалабасаңыз, жөнөкөй рубашка көйнөктү алып аны байлап алыңыз. Бул жылы байлаган көйнөк жана юбкалар модада.

Бул жылдын башкы принты келбет жана архитектура. Келбет тартылган сүрөттөр баардыгыбызга тааныш жана популярдуу болуп келген, бирок модадан чыккан. Азыр эми ал кайрадан кайтып келди. Гардеробуңуздун түбүндө катылып жаткан бул кийимдерди алып чыксаңыз болот. Бирок архитектура тартылган сүрөттөр бир аз кыйын. Мындай сүрөттөгү кийимдер буга чейин популярдуу болгон эмес. Бирок ар дайым жаңы нерсени колго алып жасап көрүш керек эмеспи.

Горох эч качан модадан чыкпайт, ошондуктан 2019-жылы аны кийсе болот жана кийиш керек. Аны базалык кийимдер менен айкалыштырыңыз же толугу менен горох болгон кийим кийңыз.

Жыйынтыгында эң жөнөкөй тренд — бул күмүш. Күмүш түстөгү кооз юбкалар, көйнөктөр, шымдар, футболкалар той, кечелерде эң жакшы көрүнмөкчү.

Эң башкысы моданы куубай, сизге ыңгайлуу жана жарашыктуу кийим тандагаңыз. Моданы ар ким ар кандай көрөт жана ар биринин өзүнө тиешелүү табити болот. Ошондуктан өзүңүз моданы жарата аларыңызды унутпаңыз!

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Турускулов: Парламент  менен Өкмөт  бизнес өкүлдөрүнө жөлөк болуп бериши керек
Турускулов: Парламент менен Өкмөт бизнес өкүлдөрүнө жөлөк болуп бериши керек
Жээнбеков менен Путин эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулашты
Жээнбеков менен Путин эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулашты
Премьер-министрди шоу көрсөткөнгө айыптады (видео)
Премьер-министрди шоу көрсөткөнгө айыптады (видео)
Жумабеков: Парламентти таратууга эч кандай негиз жок
Жумабеков: Парламентти таратууга эч кандай негиз жок
21-сентябрь: абанын температурасы +35 градуска чейин ысыйт
21-сентябрь: абанын температурасы +35 градуска чейин ысыйт
Аксынын өнөрпоздору Өзгөндүн өнөрпоздорун мелдешке чакырды
Аксынын өнөрпоздору Өзгөндүн өнөрпоздорун мелдешке чакырды
Мышык багып алып ден соолугуңузга кам көрүңүз!
Мышык багып алып ден соолугуңузга кам көрүңүз!
Бишкекте «Кан басымыңды билип ал» акциясы өтөт
Бишкекте «Кан басымыңды билип ал» акциясы өтөт
“Huawei Mate 30” смартфону Европада сатылбайт
“Huawei Mate 30” смартфону Европада сатылбайт
Сүймөнкул Чокморовго окшошкусу келген Курал Чокоев (фото)
Сүймөнкул Чокморовго окшошкусу келген Курал Чокоев (фото)
Үч облустун керектөөсүнө ашык энергия короткон 45 компания жабылды
Үч облустун керектөөсүнө ашык энергия короткон 45 компания жабылды
 Добр менен Тайбас саясатты ырдашты (видео)
Добр менен Тайбас саясатты ырдашты (видео)
Төкмө акын Аалы Туткучев эстрада жылдызы болобу? (видео)
Төкмө акын Аалы Туткучев эстрада жылдызы болобу? (видео)
АКШ НЛОнун бар экенине ынанды
АКШ НЛОнун бар экенине ынанды
Лионель ​Месси жеке кийим бренддин ачты
Лионель ​Месси жеке кийим бренддин ачты
Абылгазиев жол кыймылын оптималдаштырууну тапшырды
Абылгазиев жол кыймылын оптималдаштырууну тапшырды