Снуд шарфы кышкы аксессуарлардын бири

Снуд шарфы кышкы аксессуарлардын бири
30-Янв. 2019, Шаршемби, 16:54

Снуд – башы менен аягы жок, эки учу бириктирилип тигилген шарф. Азыр дүйнөлүк мода үйлөрүндө көрсөтүлүп, модалуу кийинген кыздардын арасында чоң таанымалдуулукка ээ. Ага кошо мындай шарф түрү өтө ыңгайлуу, жылуу. Снуд акыркы кезде кышкы модалуу аксессуарга айланды.

Шакек формасында тигилген шарфты башка, моюнга, ккөкүрөккө ороп такса болот. Азыр снуддун кышкы гана эмес, ошондой эле жука жибектен, бархаттан тигилген түрлөрү да бар.

Гардеробдогу ар бир буюм сыяктуу эле снуд шарфынын да өз тарыхы тууралуу бир нече пикир бар. Алардын бири, снуд шарфы алгачкы жолу илгерки кылымдарда аялдар баштарын ороп алуу үчүн колдонушкан. Кийин, XIX кылымда снуд Франция өлкөсүндө белгилүү боло башаган экен.

Снуд шарфы – заманбап аксессуар. Ал ар бир кышкы кийим менен жараша берет. Башкысы анын түсүн келбетиңизге (мисалы кышкы сырткы кийимдин түсүнө) шай таңдаңыз. Мода жагын айта турган болсок, азыр ак, жашыл, боз снуддар өтө модалуу болуп саналат. Кеңсе стилинде кийинген кыздар кара же кара-кызыл түстө тандашсын. Дүйнөлүк модада снуд жалаң гана кыздардын эмес, жигиттердин да аксессуары болуп эсептелет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Нидерланды менен Германия “климат” алкагында бирге иштешет
Нидерланды менен Германия “климат” алкагында бирге иштешет
Жээнбеков: Энерготармак токтоосуз реформаларга муктаж
Жээнбеков: Энерготармак токтоосуз реформаларга муктаж
Ретро стилиндеги электрокар ушул күздө көрсөтүлөт
Ретро стилиндеги электрокар ушул күздө көрсөтүлөт
Кытайлык жаран мээсиндеги курт менен 30 жыл жашаган
Кытайлык жаран мээсиндеги курт менен 30 жыл жашаган
Барак Обама 15 миллион долларга үй алат
Барак Обама 15 миллион долларга үй алат
Ыктытканды кантип токтотсо болот?
Ыктытканды кантип токтотсо болот?
 Разаков «Ак-Тилек» пунктунда салмак көзөмөлдөөчү тутумду орнотуунун жүрүшү менен таанышты
Разаков «Ак-Тилек» пунктунда салмак көзөмөлдөөчү тутумду орнотуунун жүрүшү менен таанышты
Белгилүү эколог Эмил Шүкүров көз жумду
Белгилүү эколог Эмил Шүкүров көз жумду
Кыргызстандык аял кыргыз-казак чек арасынан кармалды
Кыргызстандык аял кыргыз-казак чек арасынан кармалды
US Open: Серена Уильямс жана Мария Шарапова биринчи айлампада беттешет
US Open: Серена Уильямс жана Мария Шарапова биринчи айлампада беттешет
Ким Кардашьян кызы менен жылан оюнун ойноду (видео)
Ким Кардашьян кызы менен жылан оюнун ойноду (видео)
Сыймык Бейшекеев туулган күнүнө концерт тартуулайт
Сыймык Бейшекеев туулган күнүнө концерт тартуулайт
Айдана Дека менен Аваз Акимов той концерт коет
Айдана Дека менен Аваз Акимов той концерт коет
Эл аралык сотто Кыргызстан 24 млн долларга утулуп калды
Эл аралык сотто Кыргызстан 24 млн долларга утулуп калды
Илим Карыпбеков Финансы полициясына сурак берди
Илим Карыпбеков Финансы полициясына сурак берди
Конор Макгрегор улгайган адамды чапкандыгы үчүн кечирим сурады (видео)
Конор Макгрегор улгайган адамды чапкандыгы үчүн кечирим сурады (видео)