Гульмира Чыналиева: “Дизайнерлик менин хоббим болчу” (фото)

Гульмира Чыналиева: “Дизайнерлик менин хоббим болчу” (фото)
7-Март 2019, Бейшемби, 10:27

Кийим дизайнери-бул жөн гана кесип болбостон, өзүнчө бир талант болуп саналат. Бул сөздүн чындыгын биздин таланттуу дизайнерлерибиз далилдеп келет. Ар бир таланттуу дизайнердин өзүнө тиешелүү болгон кардарлары, күйөрмандары жана сынчылары бар. Бул тармактын өзүнө тиешелүү өзгөчө мүнөздөгү стили болот эмеспи, мына ушул тармакка кантип аралашып калганын жана кийим жаратуу дагы кандай кыйынчылыктар болорун Гульмира Чыналиева Zaman.kg сайтына айтып берди.

-Эмнеден улам кийим дизайнына кызыгып калдыңыз, качан бул кесип сиздики экенин түшүндүңүз жана бул чыгармачылык жолуңуз кантип башталды эле?

-Кичине кезимден бери курчактарга кийим тиккенге, ар кандай нерселерди ойлоп тапканга шыгым бар эле. Чоң энем жана тайэнем экөө тең уз чебер болушкан. Бирок мен өзүм кесибим боюнча юристмин, ал эми бул менин хоббим болчу. Жумушка мен өзүм ойлоп тапкан кийимимди кийчүмүн, көргөн элдин көбү кызыгып, кайсы жактан алдың, кайсы дизайнердин кийими деп көп сурашчу. Анан кызыккан хоббимди кесип катары үч жылдан бери аркалап келе жатам. Командам бар алар менен бирге иштеп чыгабыз.

-Эң биринчи тиккен кийимиңиз эсиңиздеби?

-Эң биринчи кийимим 5-6-класста мектепте окуп жүргөн кезде чоң энемдин кийим тиккен машинасы менен апамдын көшөгөсүнөн клёш шым тигип кийгеним эсимде. Чоңураак класста окуп калганда дагы эски кийиимдерди кыскартып, кээ бир жерлерин узартып тигип кийчүмүн.

-Жаңы коллекцияларды түзүүдө эмне сизге эргүү болуп берет?

-Жаңы коллекцияларды чыгарарда мен негизинен тарыхыбызга көбүрөөк кайрылып, эргүү алам. Менин биринчи максатым бул биздин маданиятыбыз, улуттук кийимдер унутулуп калбасын деп, келечек муунга кийимдерибизди, каада-салтыбызды жакшы кылып өткөрүп берсек деген тилектерим бар. Биздин чыгарган коллекцияда кыргыздын нукура саймалары менен белдемчилер, баардык улуттук кийимдерди жаңылап чыгаралы деген ой менен иштеп жатабыз.

-Ар бир дизайнердин өзүнүн стили болот эмеспи, сиз өзүңүздүн стилиңиз жөнүндө айта кетсеңиз?

-Биздин стилибиз жөнөкөй, ыңгайлуу, кооз улуттук орнаменттер менен улуттук кийимдерибизди азыркы учурга ылайыкташтырып чыгарган стиль деп айтсам болот.

-Кийимдерди буйрутма менен тиккенде канча убакыттын ичинде даяр кыла аласыз?

-Кийимди буйрутма менен тиккенде, ал кийимдин түзүлүшүнө жараша болот. Эгерде оңой моделдеги кийим болсо, үч-төрт күндүн ичинде тигип беребиз. Ал эми модели кыйыныраак болсо, саймасы көбүрөөк болсо, жети-сегиз күндүн ичинде жасап беребиз.

-Дизайнер болуу сиз үчүн...

-Улуттук кийимдерди тиккен дизайнер болсо, улуттук баалуулуктарды сактаган, улам жаңы идеялар менен биздин ата-бабабыздан калган кийимдерди жаңыртып, ошол убакта эле саймалар менен заманбап кылып жасоону билүү керек. Кыргыздын улуттук кийимдеринин өзгөчөлүгүн баса белгилеген дизайнер болуу.

-Дизайнер болуу үчүн сөзсүз түрдө тиккенди билиш керекпи, же кийимдин дизайнын ойлоп таап, тиккенди башка тигүүчүлөргө койсо болобу?

-Дизайнер болгондон кийин тиккенди билүү сөзсүз эмес. Анткени команда менен иштегенде ар бир адамдын өзүнүн аткара турган жумуштары болот. Эң негизги сапаты жаңы идеяны ойлоп табуу, аны кагаз бетине чийип түшүрүү. Ал эми модельерлер макетин түзуп чыгат, башкалар тигет.

-Алдыга койгон кандай профессионалдык максаттарыңыз бар?

-“Адеми Арт” улуттук мода үйүбүздү чоңойтуп, ар бир дубанга филиалын ачсак деген максаттарыбыз бар. Жаш дизайнерлерге жардам берип, өстүрөбүз деген ойдобуз. Азыркы учурда бир нече жаш дизайнерлер менен дагы иштеше баштадык. Жаңы коллекция даярдап жатабыз, ошол коллекциялар менен чет өлкөгө конкурска катышып келсек деген жакшы тилектерибиз бар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
​Ак-Сууда 19 жаштагы жигит көлгө чөгүп каза болду
​Ак-Сууда 19 жаштагы жигит көлгө чөгүп каза болду
​Иранда кыз - келиндерге футбол көрүүгө уруксат берилди
​Иранда кыз - келиндерге футбол көрүүгө уруксат берилди
Финпол: Ошко мыйзамсыз күйүүчү май ташып келе жаткандар кармалды
Финпол: Ошко мыйзамсыз күйүүчү май ташып келе жаткандар кармалды
​Эртең 20-июлда күн +38 градуска чейин күн ысыйт
​Эртең 20-июлда күн +38 градуска чейин күн ысыйт
22 жаштагы жигит ымыркайын сатып жатканда кармалды
22 жаштагы жигит ымыркайын сатып жатканда кармалды
Президент Олимпиада чемпиону Татьяна Колпакова менен жолугушту
Президент Олимпиада чемпиону Татьяна Колпакова менен жолугушту
​Антонина Шевченко биринчи жолу UFC уюмунун рейтингине кирди
​Антонина Шевченко биринчи жолу UFC уюмунун рейтингине кирди
​Олимпиада чемпиону операция үчүн медалдарын сатууда
​Олимпиада чемпиону операция үчүн медалдарын сатууда
​Африка кубогу финалы: “Сенегал – Алжир”
​Африка кубогу финалы: “Сенегал – Алжир”
Бишкекте узундугу 36 метр болгон көпүрө салынып жатат
Бишкекте узундугу 36 метр болгон көпүрө салынып жатат
Аваз Акимов күндүн ысыгында Ысык-Көлгө концерт коет
Аваз Акимов күндүн ысыгында Ысык-Көлгө концерт коет
Айзуура Иманалиева: Биздин ген ушундай окшойт
Айзуура Иманалиева: Биздин ген ушундай окшойт
Назира Айтбекова: Далайдын жүрөк оорусу болом го
Назира Айтбекова: Далайдын жүрөк оорусу болом го
Зульфия Лансарова эмнени кыялданган?
Зульфия Лансарова эмнени кыялданган?
Самара Каримова: Көп тилде ырдоо планымда бар (видео)
Самара Каримова: Көп тилде ырдоо планымда бар (видео)
Ли Нак Ёндун сапарынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду
Ли Нак Ёндун сапарынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду