Жазгы жана жайкы модадагы кроссовкалардын түрмөгү

Жазгы жана жайкы модадагы кроссовкалардын түрмөгү
8-Май 2019, Шаршемби, 16:47

Биз ар дайым бир гана чуркоо үчүн эмес, өзүбүзгө ыңгайлуу кроссовкаларды издеп келебиз.

Кроссовка издөөдө алгач анын ыңгайлуулугуна, өңүнө жана кийим менен айкалышуусуна карайбыз.

1.Ачык өңдөр кошулган кроссовкалар. Мындай кроссовкаларды Легого дагы окшоштурсак болчудай. Көбүнчө спорттук жана жаштар кийсе жарашчудай.

2.Жагымдуу өңдөгү кроссовкалар. Тектүү өңдөгү кроссовкалар жазгы жана жайкы тренддин модасына айланган учур. Бул өңдөр көпчүлүктү күткөн өңдөрдүн катарына кирет. Аны сиз кыска шымдар жана көйнөктөр менен кийсеңиз болот.

3.Бир өңдөгү кроссовкалар. Мындай өңдөгү бут кийимдерди кааласаңыз көйнөк, кааласаңыз костюм менен кийсеңиз болот.

4.Кооздуктар түшүрүлгөн кроссовкалар. Акыркы учурларда бул өңдүү кроссовкалар дагы модага айланууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР