Дүйнөнүн эң сулуу айымдары кимдер?

Дүйнөнүн эң сулуу айымдары кимдер?
30-Окт. 2019, Шаршемби, 10:15

Эксперттер дүйнөнүн эң сулуу айымы катары супермодель Белла Хадидди атады. Бул тууралуу “The Sun” агенттиги кабарлады.

Пластикалык хирург Джулиан Де Сильва ал айымдардын бетинин түзүлүшү боюнча изилдөө жүргүзгөн. Анда атактуу жылдыздардын эрини, мурду, ээги каралган. Мындай стандартка модель Белла Хадиддин кебетеси толугу менен жооп берген.

Экинчи орунду болсо атактуу ырчы Бейонсе багындырган. Үчүнчү орунда актриса Эмбер Херд турат.

Ошондой эле алдыңкы он сапта: Ариана Гранде, Тейлор Свифт, Кейт Мосс, Скарлетт Йоханссон, Натали Портман, Кэти Перри жана Кара Делевинь турат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!