Тюрбанды кантип салынса болот?

Тюрбанды кантип салынса болот?
1-Июнь 2017, Бейшемби

Мода подиумдарында анын артынан түрдүү мода блогдору мындан үч жыл мурун селде (тюрбан) кызыгуу жарата башташкан. Албетте аларды мурда эски кинолордон көрүп келгенбиз. Кээ бир учурларда жылдыздардын эпатаждуу образы болуп келген.

Кийин бара-бара бул баш кийим очки же сумка сыяктуу аксессуар болуп калды. Азыркы күндө жолуктарды түрдүү ыкма менен байлап жүргөн кыз-келиндерди көчөөдөн көрсө болот. Аны кийген кийим менен айкалыштырып кыш, жай, жаз, күз мезгилиндеринде да кийип жүрүүгө ылайыктуу. Ал күндүн ысыгынан да, кыштын суугунан да сактайт.

Ал эми тарыхка кайрыла турган болсок “селде” сөзү перстердин “dulbend” деген сөзүнөн которгондо “чалкан кездеме” дегенди билдирет. Селде-бул эркектердин жана аялдардын баш кийими. Ал бир нече ирээт башка оролгон кезедемени түшундүрөт. Көпчүлүгү учурда бул баш кийимди Түндүк Африка, Арабия жарым аралы, Индия жана Азия чөлкөмдөрүнөн көрүүгө болот. Аны даярдоо үчүн 6-8 метр кездеме керектелет, бирок кээ бирлерине 20 метрге чейин жетет. Мындан сырткары бул баш кийимди кымбат баалуу материалдар: парча, бархат, алтын жалатылган индиянын кездемесинен, кашемирден тигишип, бермет жана башка асыл таштар менен кооздошот.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!