Стилдүү сумкалардын жаралыш тарыхы

Стилдүү сумкалардын жаралыш тарыхы
15-Янв. 2020, Шаршемби, 08:50

Сумка-бул айымдардын сүйүктүү буюмдарынын катарын толуктайт. Ал арада биз сумка брендинин тарыхы менен бөлүшөбүз.

Osoi

Учурда Түштүк Корея өлкөсүндө “Osoi” брендине таандык сумкалар модада. Анын башка сумкалардан өзгөчөлүгү стилдүү, ыңгайлуу жана бир эле учурда бир нече формадагы сумкага айландыра алгандыгында.

Aesther Ekme

Стефан Парк аттуу дизайнер алгач өзүнүн брендин ачуудан мурун, “Alexander Wang” аксессуарлары менен иштеген. Анын ата-энеси кореецтер, бирок Стефан Бразилиянын Сан-Паулу шаарында чоңойгон. Кийин Нью-Йорк шаарында жашап, беш жыл мурун Копенгагенге көчүп келишкен. Дал ошол жерден “Aesther Ekme” аттуу бренддеги сумкалардын коллекциясын чыгара баштайт. Анын сумка брендин чыгарышына, айлана-чөйрөдөгү маданият таасир бергендигин айтат.

Atomy

Польшалыктар көпчүлүк учурда этникалык өндүрүшкө көңүл бөлөт. Алар аталган сумканы бир гана буйрутма аркылуу гана тигишет. Ал эми сумкадан ашып калган материалдарды уюлдук телефондорго чехол катары колдонушат. Алар көпчүлүк учурда классикалык стилди карманышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР