Келишимдүү көрүнгүңүз келсе...

Келишимдүү көрүнгүңүз келсе...
6-Июль 2017, Бейшемби

Айрымдар көлгө барып түшүп келүүгө эми камынып жатышса, кээ бирлер эбак эле толкун менен тең жарышып жүргөн мезгил. А сизчи? Көлгө даярдандыңызбы? Өзүңүзгө ылайыктуу купальник тандап алдыңыз беле? Эгерде кандай купальник сатып алууну билбей жатсаңыз, төмөнкү кеңештер - кулагыңызга күмүш сырга.


Узун бойлуу, арык болсоңуз...

Ачык түстүү купальник кийсеңиз, өтө арык көрүнбөй каласыз. Купальникте туурасынан кеткен сызыктар болсун.

Тигинен кеткен сызыктары бар купальник сизди ого бетер узун, арык көрсөтөт.

Кичинекей, арык болсоңуз...

Үстү жагы англисче V тамгасы сыяктуу бычылып тигилген болсо, боюңуз узара түшкөндөй сезилип калат.

Асты шортик же юбка сыяктуу болсо, бутуңуз да, боюңуз да кыска көрүнөт.

Белиңиз жоон болсо...

Купальниктин астынын бели киндикке жетсин же киндиктен бир аз ылдыйраак болсун.

Өтө ачык, трусасы ичке купальниктер жарашпай калат.

Кош алмаңыз чоң болсо...

Ортосундагы темири төшүңүздү бекем кармоо үчүн астына жоон лента салынып тигилген же ортосу ачык эмес болуп, көкүрөгүңүздү көрсөтпөй жаап турган бюстгальтерлүү купальник кийиңиз.

Көкүрөгүңүздүн жарым-жартылайы көрүнүп калгыдай купальниктен качыңыз.

Төшүңүз кичинекей болсо...

Ар кандай түстүү (мисалы, гүлдүү) купальник ылайыктуу. Үстү жагында бантик болсо, көргөн көздү алаксытып, төшүңүздүн кичинекей экенин байкатпайт.

Бир өңчөй түстүү купальник кийбей эле койгонуңуз оң.

Жамбашыңыз чоң, ийиндериңиз жазы болсо...

Бели киндиктен ылдый трусалуу купальник туура келет.

Асты жагынын бели киндикке чейин жеткен же шортик түрүндө тигилген, же спорттук стилдеги купальник кийбеңиз.

Ичиңиз чыгып турса...

Жалпы тигилген купальник тандап алыңыз. Ал ичиңизди жашырат.

Үстү менен асты өз-өзүнчө купальник кийсеңиз, ичиңиз ого бетер чыгып, жарашыксыз көрүнөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!