Көз айнек тууралуу эмне билүү керек?

Көз айнек тууралуу эмне билүү керек?
14-Июль 2017, Жума

Күндөн коргоочу көз айнек жакшы көрүнүп, кооздук гана тартуулабай, ошондой эле көздү күндөн коргоп да турушу керек. Күндөн коргоочу көз айнектерди кантип туура тандоо керек экендигин билиңиз.

Жайында күндөн коргоочу көз айнектерди тандоодо пластикти же айнекти тандайсызбы анын эч мааниси жок. Бир гана арзан баадагы кытай көз айнектерин тандоодо абайлаңыз. Себеби алар күн нурларынан коргомок тургай, көздүн көрүүсүн төмөндөтөт.

Коргонуч деңгээли

Ар бир күндөн коргоочу куралдар сыяктуу эле көз айнектердин линзаларынын чыпкасы 0-дон 4-кө чейинки бир нече категориядан турат. Бул сандар жогорулаган сайын, көз айнек ошончолук ультрафиолет нурларынан жакшы коргойт.

0 даражасындагы чыпка – ультрафиолет нурларынан коргобойт, тагыраагы линза бир түстү болуп калат.

1, 2 –жарым-жартылай коргойт, мындай көз айнектер шаарда жарактуу.

3 , 4 – баардык нурлардан коргойт. Буларды көлгө барганда же тоого чыкканда тагып жүргөн жакшы.

Чыпканын даражасы кадимки көз айнекке берилүүчү кошумча кагазда көрсөтүлөт. Эсиңизде болсун, баардык күндөн коргоочу көз айнектер өндүрүчүнүн сертификаты менен бирге болуусу шарт.


Түсү дагы маанилүү

Күн көз айнектерин тандаган учурда эсиңизде болсун: кызыл түс психикага терс таасир берет. Көк менен кызыл түс көздү тез талдырып, чарчатат. Күрөң, жашыл жана сары түстөгү линзалар эң жакшысы деп саналат. Мындайлар көзгө да ыңгайлуу, нурларды жутуп алып, түстү бурмалоого жол бербейт.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!