Манжаңыздын өлчөмүн аныктаңыз

Манжаңыздын өлчөмүн аныктаңыз
20-Июль 2017, Бейшемби

Өмүрдө шакек тагып көрбөгөн, шакек тагууну жактырбаган адам болсоңуз да күндөрдүн бир күнүндө шакек тагууга туура келет, ал-нике шакеги. Нике шакегин тандоо учурунда анын өлчөмү манжанын өлчөмүнө туура келүүсүнө көңүл бөлүү керек. Ага көп маани бербей ала берсеңиз кийин маселе жаралышы мүмкүн. Кандай жагдай болбосун адам өз манжасынын өлчөмүн билип жургөнү оң.

манжа өлчөмүн аныктоо үчүн жип же жип сыяктуу ичке нерсени алыңыз. Манжаны айландырып, биринчи учу менен экинчи учунун бирикке жерин белгилеңиз. Сызгыс же метрдин үстүнө коюп, белгиленген кесинди канча миллиметр экенин аныктаңыз.

47-48 мм болсо, манжа өлчөмү– 15;

48-49 мм – 15,5;

49-50 мм – 16;

50-52 мм – 16,5;

52-53 мм – 17;

53-55 мм – 17,5;

55-56 мм – 18;

56-58 мм – 18,5;

58-59 мм – 19;

59-61 мм – 19,5;

61-63 мм – 20.

Манжаны төмөнкүдөй учурларда өлчөбөөнү сунуштайбыз:

- эртең менен;

- спорт менен машыгып бүткөндөн кийин;

- аба ырайы өтө ысык же суук учурда.

Мындай маалдарда манжанын өлчөмү өзгөрүп турат, накта өлчөмдү ала албай калууңуз ыктымал.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!