Целлофан пакет байлаган модабы?

Целлофан пакет байлаган модабы?
20-Июль 2017, Бейшемби

Голливуд жылдызы Леонардо Ди Каприо мода дүйнөсүнө «жаңы жаңылык» алып келди. Атактуу актер шымынын куруна таштанды пакетин байлап алып жүрүүнү модага айландырып жаткан сыяктуу. Бул тууралуу “life.ru” сайты билдирди.

Шымына кочкул түстөгү целлофан пакетин байлап, Нью-Йорк көчөлөрүндө кыдырып жүргөн актер мода дүйнөсүндөгү серепчилер талкууга алышты. Көпчүлүккө жаңы стильде чыккан жылдыз элди таң калтырды.

Маалыматка ылайык, Леонардо Ди Каприо ар дайым мода дүнөсүнө көз салып, акыркы үлгүдөгү кийимдерди кийип жүргөн жылдыздардын катарына кирбейт. Кызыл килемде гана саркеч көрүнгөн Ди Каприонун гардеробунан «джентельмендик формасынан» сырткары (тизеси чыккан шым, ак майка) кийип чыкканы көрүнөт. Бирок, бул кылыгы менен ал айланадагыларын таң калтырганы анык. Шымына байлап алган таштанды пакетин Ди Каприо колго көтөрчү сумка ырээтинде колдонгон. Актердун телефон, ачкыч, капчык сыяктуу заттары целлофан сумкага салып жатканын көргөндөр бар.

Ди Капиронун мода дүйнөсүнө киргизген “жаңылыгы” социалдык тармакта кызуу талкуу жаратып жатат. Дизайн тармагында эксперттер да буга катыштуу пикирлерин билдиришүүдө.

«Леонардо ди Каприо «жалкоолор» стилин жаңы деңгээлге көтөрдү», - деп “GQ” серепчилери малымдашкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!