Көл жээгине алып барчу заттардын тизмеги

 Көл жээгине алып барчу заттардын тизмеги
28-Июль 2017, Жума

Жай мезгилинин кем дегенде 4-5 күнүн сууга түшүү, күнгө күйүүгө арнаган оң. Сиз да көлгө барууну пландасаңыз, милдеттүү түрдө керек болчу заттардын тизмегин түзүп алыңыз. Баргандан кийин унутуп калыпмын деп бармагыңызды тиштеп отурбаш үчүн азыртадан керектүү заттарды тизмектеп, жыйнап алыңыз. Жигиттер кандай болсо да чыгуу жолду табышат. Ал эми кыздар болсо “кыздын жыйган жүгүндөй” бар заттарды түгөлдөп чыгууңуз кажет.

Купальник кийими

Эң алгач 2-3 жолу көлгө түшүп, чыгуу үчүн кийим (купальник) жана 2 парео керек. Бирөө аздык кылат, жыртылып же болбосо түрдүү күтүсүз жагдайлар болуусу мүмкүн. Парео денеңизди жабып турат жана ошол эле учурда саркеч көрүнөт. Мындан сырткары социалдык желедеги баракчаларыңызга жарыялайм десеңиз да, эстелик үчүн да сүрөткө түшкөндө түрлүү болуп жүрөсүз.

Бут кийим (шлепанцы)

Суунун ичи бутка катуу тийген таштар болуусу мүмкүн, ошондуктан буттан сыйгалабай турган, алды-арты жабык атайы сууга кийген бут кийим алып алсаңыз ашыкча болбойт.

Баш кийим (шляпа)

Өзүңүз да ысык күндө баш кийимсиз элестете албайт чыгаарсыз. Ал күндөн коргоп гана койбой, көркүңүзгө көрк кошот.

Көз айнек

Ал да суулуулуктун ажырагыс бөлүгү десе болот.

2 көйнөк

Бирөө көл жээке, бирөө кечки иш чараларга арналган көйнөк назиктиктигиңизди ачып көрсөтөт, ал милдетүү түрдө жаныңызда болсун.

Аба ырайынын түрдүү мүнөзүнө даяр болуу үчүн бир жеңил куртка же жылуу жемпир, шым да салым алыңыз. Сейилдөөгө арналган юбка, шорты да керек болот.

Аксессуарлардан алгыңыз келсе, алтын-күмүшкө караганда табигый таштар ажарыңызды ачат.

Жерге салып отурганга төшөк, суу болуп калганда аарчынуу үчүн полотенца, идиш аяк, сыяктуу нерселердин да кереги тийет.

Үйлөнмө балондор көлгө түшкөндө сууга чөгүп кетпөө үчүн сизге абадай кажет.

Териге арналган куралдар

Териңизди күнгө күйүп кетүүдөн сактоочу майлар сөзсүз болуусу абзел. Жана дагы ошондой эле шампунь, бальзам, самын, тиш пастасы, щетка сыяктуу майда-барат буюмдар унутта калбасын.

Фотоаппарат, телефон, зарядоочу куралдар. Эң башкысы документ, уча турган болсоңуз билет, акча, ачкыч, карточкалар сумкаңызда экенине көз жеткириңиз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!