2017-жылдагы модалуу түс жашыл болмокчу

2017-жылдагы модалуу түс жашыл болмокчу
20-01-2017

Дүйнөдөгү баардык түстөрдү бир жерге топтогон жана жыл сайын модалуу өңдү жарыялаган “Pantone” - 2017 жылдын түсү жашыл деп табылды.

" Үмүттүн өңү болгон түс"

“Pantone” түс индустриясынын директору Литрис Эйзман “Тime” га берген билдирүүсүндө: "Pantone” дүйнөдө кандай көрүнүштөр болуп жатканын түрдүү көрүнүштөрдү изилдеп чыгат. Азыркы учурда дүйнөнү стресс жана чарчаңкы абал басты. Ошондуктан бул өңдү тандадык, себеби бул үмүттүн өңү” -деди ал.

“Pantone” өткөн жылдын өңү деп эки түс мала кызыл (розывый) жана бейпилдиктин өңү болгон асман көк тандалса, андан мурункусу Marsala (ачык кызыл) түсү тандалып алынган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!