Саркеч келиндер

Саркеч келиндер
18-Окт. 2017, Шаршемби, 13:09

Пакистандын экинчи ири шаары Лахордо өлкөнүн белгилүү мода дизайнерлеринин жаңы топтомдору тааныштырылган. Мода жумалыгынын үчүнчү күнүндө үйлөнү үлпөт кийимдеринин өзгөчө коллекциясы сунушталды.

Пакистандын кийим боюнча дизайнерлер кеңеши уюштурган иш-чарага “Шазия” менен “Шехридин” чеберлери чыгышты.

Саймалар жана түстү таштар менен кооздолгон, өлкөнүн маданиятын чагылдырган кездемелерден тигилген той көйнөктөрү көргөзмөнүн көркүн ачкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!