Түстүү шымдар менен бут кийимдердин айкалышы

Түстүү шымдар менен бут кийимдердин айкалышы
21-Окт. 2017, Ишемби, 12:01

Биздин алдыбызда көптөгөн тандоо болгон кезде, кийимдерди айкалыштырып кийүүдө кыйналабыз. Ошого байланыштуу өзүңүздүн шымыңыздын түсүнө жараша шайкеш бут-кийим стили менен түсүн тандоо үчүн кандай кийинүү керек экенин тизмектедик.

Ак түстөгү шымды ар кандай бут кийим менен айкалыштырып кийе аласыз. Бирок кара түстөгү бут кийим менен бирге кийүүнү сунуштабайт элек.

Кара түстүн ордуна креативдүү түстөрдү пайдаланыңыз же болбосо бир өңчөй түстөгү бут кийим жарашыктуу көрүнөт.

Боз шым менен..

Боз түстөгү шымды сизге ылайыктуу ар кандай түстөгү бут кийим менен кие аласыз.

Эгер башкача дизайны бар бут кийим кийгиңиз келсе жана ага кандай шым ылайыктуу келерин билбей жатсаңыз анда боз түстөгү шым туура келет.

Кара шымдар

Кара шым ар түрдүү түс менен айкалышат деп келебиз. Бирок чындыгында кара шым баардык түс менен айкалыша бербейт.

Мисалы: ак, кою күрөң жана кызгылт бут кийимдериңизди кара шымдар менен бирге кийбеңиз.

Ачык күрөң, саргыч өң

Ачык күрөң же саргыч түстөгү шым кийген кезде ачык жана жалтырак тондогу бут кийим тандоо кажет

Ачык-күрөң шым

Кара жана боз бут кийим менен ачык-күрөң түстөгү шымды бирге кийбеңиз.

Анын ордуна хаки-жашыл өңдөгү же ак такалуу бут кийим тандоо кажет.

Көк түстүү шымдар

Көк түстөгү шымдар кааласаңыз ачык, кааласаңыз кара болобу ар бир түс менен жарашыктуу.

Жашыл, ачык жашыл жана хаки өңдөгү шымдар

Жашыл шым кийген кезде бир гана өңдөгү бут кийим кийбеңиз. Бул жашыл өң.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!