Блейк Лайвлинин эң мыкты 10 бейнеси

Блейк Лайвлинин эң мыкты 10 бейнеси
1-Ноя. 2017, Шаршемби, 16:11

2007-жылы америкалык актриса жана модель Блейк Лайвли өзүнүн «Ушакчы» аттуу сериалдагы ролу менен белгилүү болду. Блейк азыркы күндө «Адалинанын кылымы», «Өзгөчө кооптуу» жана Вуди Аллендин «Дүйнөлүк жашоо» сыяктуу белгилүү фильмдерде тартылууда. Актриса белигүү актер Райан Рейнолдско турмушка чыгып, алар бирге эки баланы тарбиялап келишүүдө.

30 жаштагы Лайвли кызыл килемден өтүүнү абдан жактырат. Ар бир анын чыгышы- өзгөчө жана назиктиги менен таң калдырган керемет көйнөктөрүн көрүүгө болот. Алардын арасында жалтырак таштар менен кооздолгон, өзгөчө материалдар менен тигилген көйнөктөр бар. Анын жөнөкөй классикалык костюмдары укмуштуудай өзгөчө көрүнөт.

Актриса француз дизайнер-модельери Кристиан Лубутин менен достук карым-катынаста. Аңгемелешүү учурунда дизайнерден кайсы бир модель жаратып жатып эмне жөнүндө ойлоонорун сураганда, ал “Блейк тууралуу” деп жооп берген! Мындан сырткары ал өз анын аты менен бут кийимди атаган. Бул аялдын өзгөчө табити тууралуу сиздер менен бөлүшө кетсек:



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!