2018-жылдын башкы тренди - "taupe"

2018-жылдын башкы тренди -
2-Ноя. 2017, Бейшемби, 16:33

2018-жылдын актуалдуу палитра түстөрүнүн катарына жалгыз гана жаркын гренадин гана эмес башка дагы өңдөр кирген. Эгер сиз жылуу жана тынч түстөрдүн күйөрманы болсоңуз, анда сизге “тауп” өңдөрү туура келет. Бул өңдүн аталышы француз тилинен “taupe”-которгондо «крот» дегенди түшүндүрөт. Күрөң-боз өң чындыгында жаныбардын терисинин түсүн берет.

Бул түс чындыгында көзгө жагымдуу көрүнөт. Жылуу жалтырак-ак «түстүү-кокон» деп да аталып келет. Ал өзүңүздү коопсуз сезүү жана эс алдыруучу өң болуп саналат.

Мода дизайнерлери бул өңдү интерьерде да пайдаланууну сунушташууда. Биз сиздерге бир нече тауп түсүн колдонуу менен айкалыштуруу идеяларын даярдадык.

1. Кийим-кече

Тауп түсүнүн бир нече өндөрү бар: күрөң-бозомтук, ачык-күрөң, ачык-боз, күлгүн ( фиолетовый) же ачык кызыл түстөр. Бул түс көк, бордо, терракот, жашыл жана чаргыч өңдөр менен айкалыштырууга мүмкүн.

2. Макияж

Тауптун жеңил түстөрү күнүмдүк макияжда, кечки иш-чараларга колдонууга болот. Беттин жаак бөлүктөрүн баса көрсөткүңүз келсе – модалуу түс жардамга келет. Белгилей кетчү нерсе көптөгөн сары чачтуу жана ак сары кыздар бул өңдү каштарын карандаш менен боёп да алышат. Бул өтө табигый көрүнөт.

3. Маникюр

Ачык түстөгү маникюрду жактырбайсызбы, бирок бежевый жана упа өңдүү түстөр тажаттыбы? Өзүңүздүн мастериңизден тырмактарыңызды тауп түсү менен боёп берүүсүн өтүнүңүз.

4. Бут кийим

"Taup" абдан жайлуу түс болуп эсептелгендиктен, бул өңдөгү бут кийимди өзгөчө күзүндө жана жазында кийген оң. Мындай чечимдеги өтүктөр абдан жарашыктуу көрүнөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!