Бул күздүн кара водолазскалары кандай көрүнөт?

Бул күздүн кара водолазскалары кандай көрүнөт?
8-Ноя. 2017, Шаршемби, 17:05

Водолазкалар

Твигги аларды A-силуэт мини-юбкалары менен, Грейс Келли менен Одри Хепберн шым жана көлөмдүү пальтолор менен жарашыктуу кылып кийишкен. 70-жылдары Анна Винтур, 90-жылдары - Диана ханыша менен Кейт Мосст жакшы көрүшкөн. Ушул жылдын күз айынын модасынын (Prada, Marni, Balmain, Chloe жана Isabel Marant) артыкчылыгынын аркасында гардеробуңузда орун алат деген ниеттебиз.

Кара водолазка биздин гардеробдогу эң керектүү кийимдердин катарын ээлей алат. Мисалы, кара юбка менен курду айкалыштыруу аркылуу ал оңой эле көйнөк элементине айланат, ал эми шым менен - комбинезонго ылайык. Бирок башка бейтарап жана негизги түстөр менен да жарашыктуу боло алат - сүр, бежевый, ачык күрөң, күрөң.


Материалдарга өзгөчө маани берилет. Микрофибра, кашемир, жүн – өзгөчө водолазка сатып алууда негизги өлчөм болуп табылуучу текстура. Кездеменин жылмакай материалдарын көбүнчө иш-чараларга жана кечки аштарга тандалса, ал эми фактуралык түрдөгүлөрү – эс алууга арналат. Принт же болбосо люрек түрдөгүлөрү – азыркы күндөгү дизайнерлер басым жасап жаткан 80-жылдардагы мода үлгүлөрү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!