Жаз мезгилине түстөрдү айкалыштыруу

Жаз мезгилине түстөрдү айкалыштыруу
25-02-2017

Интернет баракчаларында түстөрдү айкалыштыруу тууралуу көптөгөн маалыматтар кездешет. Көп жагдайларда аларды түшүнө албай жатабыз. Ошондуктан бүгүнкү маалыматта жаз мезгилинде кандай түстөрдү бири-бири менен айкалыштырса боло тургандыгын жөнөкөй сөз менен түшүндүрүүгө аракет кылабыз. Азыркы убакта сумканын өңү менен бут кийимдин өңү айкалышы керек деген сыяктуу пикирлер модадан кеткенин унутпаңыз.

Сары жана жашыл

Сары жана жашыл- жаңы чыга баштаган чөптүн өңү менен күндүн жылуу нурларынын айкалышы сыяктуу сезим берген ачык түстөр. Мындай түстөрдүн айкалышы баардык дене түзүлүштөгү жана өң келбеттеги айымдарга төп келе берет. Эгерде сиз ак жуумал өңдөгү адамдардын тобуна кирсеңиз, анда бир өңчөй хаки же коюу жашыл кийимдерди тандаңыз. Кара тору өндөгү бой жеткендер үчүн ачык сары менен каныккан жашыл түстөгү кийимдер туура келет.

Ачык көк менен ала кызыл

Ушул жылдын негизги түсүнө айланган назик сезим берген ала кызыл жана ачык көк түстөрү бири-бирин жакшы толуктап турат. Ачык көк түстөгү кофтаны ала кызыл жакет менен кийип көрүңүз. Бул назик кийим үлгүсү назик жасмин гүлүн эске түшүрөт.

Кызыл жана көк

Кызыл жана көк - белгилүүлүгүн жоготпостон баардык мезгилге арналган айкалыш өңдөр. Мисалга, жөнөкөй көк шым менен ачык кызыл өңдөгү костюм же көйнөк менен толуктоого болот.

Саргылт жана ачык көк


Саргыл жана ачык көк - классикалык айкалыш болуп саналат. Бул түстөр кийим үлгүлөрүндө анык көрүнүүсү үчүн бут кийимди ачык күрөң (бежевый) түстөгүсүн тандаган оң.

Ачык кызыл жана күмүш өң




Ачык кызыл жана күмүш түстөгү кийимдер офисте иштегендерге арналган жакшы кийим үлгүлөрүн айкалыштырууга болот. Мисалга, коюу күмүш түстөгү шым менен ачык кызыл жеңил көйнөк менен айкалыштырууга болот. Назик ачык кызыл түстү үстү жеңил кийимдер менен кечки сейилдөөгө кийип чыкса жакшы. Аксессуарлар туурасында унутпаңыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!