Кеч күздө кандай кийим тандаса болот?

Кеч күздө кандай кийим тандаса болот?
17-Ноя. 2017, Жума, 17:19

Кышка болгону бир-эки жума гана калганда жылуу күрмө, топу жана мээлей кийүүгө эрте болуп жатса кандай образды алып чыгып кийсе болот? Бир эле убакта жылуу, тыкан, ыңгайлуу жана ошол эле учурда стилдүү да кийине билүү бул искусство. Ал үчүн күнүмдүк кийип жүргөн кийимдериңизди аксессуарлар менен айкалыштырып, толуктаңыз.

Ультрамарин жана кум

Сиз өзүңүздүн агыш күрөң түстөгү пальтоңузду жана кара түстөгү шымдарыңыздан тажай элек болсоңуз, анда бул образды жаңылоо гана калды. Ал үчүн буга кошумча, мисалы, көк түстөгү жемпир жайкы көлдүн элесин берет. ноябодын суук күндөрү сизге жылуулук тартуулайт.

Буга кошумча узун шарфты да унутпаңыз. Бул жөнөкөй ыкма менен жөнөкөй образды экстраваганттуу көрсөтөт.

Күздүн палитрасы

Күздүн караңгы түндөрундө дагы ачык түстөгү кийимдерди кийген адамдарды жолуктурсаңыз кандай керемет. 2017-2018-жыл өзүнүн ачык түстөгү, бирок ошол эле учурда көздү оорутпаган бордо жана апельсин өңдөрү менен кубантат. Бул түстөгү пальто менен күн сыяктуу жаркырап чыга келесиз.

Саякатчынын образы

Айылга же тоого барганда жылуу жана ыңгайлуу парка күрмөсүн кийип алганыңыз жөн. Мындай сырткы кийимди нейтралдуу жана бир өңчөй түстөрдө тандаган оң. Жана бул образды толуктап джинсы шымдары жана орой көрүнгөн аскер бут кийим менен ылайыктуу келет.

90-жылдардагы стиль

Азыркы күндө кайрадан модага айланган тери күрмөлөр, дубленкалар жана белинде чоң курлары бар жүнү сыртына чыккан күрмөлөр, 90-жылдардагыдай элес калтырат. Ал үчүн түз джинсы шымдарын жана спорттук бут кийим жарашыктуу көрүнөт.

Шаардагы романтика

Классикалуу пальтолорду жактыргандар үчүн бул образ дал келет. Суук күндөрү аны ичке шымдар менен токулган үстүнкү кийим менен кийсе болот. Назиктикти жарашыктуу такалуу бут кийим толуктап турат. Мындай айкалыштагы кийим менен окуу жайга дагы, жолугушууга да кийсе болот.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!