Кышкы кийим тандоодогу кеңеш

Кышкы кийим тандоодогу кеңеш
20-Дек. 2017, Шаршемби, 16:44

Кыштын келиши менен гардеробуңуздан жылы жана ыңгайлуу свитерлер жана сырткы кийим табылуусу керек. Эгер кышында базарга барып кийинүү оюңузда болсо, бир нече идея сунуштамакчыбыз.

«Авиатор» тону (дубленка)

«Авиатор» тону сизге бир өлчөмгө чоң болуп турганы жакшы. Мындай тон менен жылуу дагы жана саркеч да болуп көрүнө аласыз. Аны ичке скинни джинсы шымдары менен жана тик фосондогу шымдар менен айкалыштырыңыз. Бирок мындай тон дене мүчөнү чоң кылып көрсөтөрүн эске алыңыз.

Миди юбкалары

Кээ бир кыздардын оюу боюнча кышында шымга караганда юбка кийген жылуураак болот. Юбканын мини узундукта болуусу суук аба ырайына туура келет жана 2017-2018 мода топтомосундагы эң модалуу кийимдердин бирине кирет.

Модалуу сыркы күрмө

Күрмөнүн чоңурак, көлөмдүү түрү модалуу жана жылуураак болууда. Ал джинсы шымы менен, классикалык шым менен, юбка менен, бийик такалуу жана такасы жапыз өтүктөр менен жараша берет. Бою узун кыздарга куртканын узун жана көлөмдүү түрүн, ал эми бою кыскалар үчүн кыска же болбосо тизеден жогору болгон түрүн тандаган жөн.

Кызыл ботильон

Кызыл ботильон кышка арналган ыңгайлуу бут кийим болбогону менен гардеробуңузга өзгөчөлүк тартуулочу деталь катары сатып алууңузга болот. Замшыдан жасалган кызыл ботильондор өтө саркеч көрүнөт. Башкысы такасы ыңгайлуу болгонун тандаңыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!