Кара көйнөк кийип турмушка чыккандар

Кара көйнөк кийип турмушка чыккандар
10-Янв. 2018, Шаршемби, 12:43

Көпчүлүктүн түшүнүгү боюнча жаңы келиндин символу – бул ак көйнөк кийген аруу зат деген түшүнүк калыпташкан. Бирок бул стереотипти бузган белгилүү жылдыздар да бар.

Алар:

Мэрилин Монро

1954-жылы белгилүү актриса экинчи жолу турмушкан чыккан эле. Актрисанын күйөөсү бейсболист Джо Ди Маджо болгон. Мэрилин той көйнөгүнөн гана эмес, ак фатадан да баш тарткан ошол маалда. Ал болгону 250 доллар турган кара көйнөк кийген.

Сара Джессика Паркер

Сара Джессика Паркер менен Мэттью Бродерик 20 жыл мурун үйлөнүшкөн. Голливуддагы бекем сакталып келе жаткан үй-бүлөлөрдүн бири. Бирок актриса тоюунда кара көйнөк кийгенине өкүнөт экен. Бир нече жолу берген маегинде убакытты артка кайтара алса ак көйнөк гана киймек экенин айткан.

Либерти Росс

Либерти Росс “Givenchy” кара көйнөгүн кийген. Аксессуар иретинде кызыл роза гүлүн алган.

Эллен Помпео

«Анатомия страсти» сериалынын жылдызы Крис Айвери экөөнүн тоюндагы сүрөттөрдү 10 жылдан кийин гана жарыялады.

Шенэй Граймс

Эң биринчилерден болуп кара көйнөк кийген атактуу болуп калды. Анын түшүнүгүндө кара түс жубайлардын никесин бекемдей түшөт экен.

Шэрил Коул

Ал эми Шэрил Коулга кара түстөгү көйнөк бакыт алып келбеди. Ал Жан-Бернард Фернандес-Версини менен еэки жыл жашап кийин ажырашып кетти.

Тина Тернер

Ал эми Тинанын жолдошу Эрвин Бах кара көйнөктү жубайына өзү даярдап берген.

Аврил Лавинь

Аврил экинчи ирет ырчы Чед Крюгерге турмушка чыкканда кара көйнөк кийген. Бирок экинчи никеси да ийгиликсиз аяктаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!