Кантип кооз, модалуу жана арзан кийинүүгө болот?

Кантип кооз, модалуу жана арзан кийинүүгө болот?
31-Янв. 2018, Шаршемби, 10:16

Россиянын мода дүйнөсүнүн стиль боюнча эксперти Эвелина Хромченконун айтуусу боюнча, “кудай бизге үнөмдөй алганыбыз үчүн табит берген”.

“Жаман кийинген аял эч качан жарк эткен мансапка жете албайт” деп эсептеген Эвелинанын чыныгы аялдарга арналган 10 эрежесин окуп көрүңүз.

1эреже: Эч качан жашыңдын канчада экенин айтпа.

2 эреже: Сырт көздөн өзүңдүн сулуу буттарыңды жашырба.

3 эреже: Өтө чоң сумка көтөрбө.

4 эреже: Боюң кыска болсо, бийик такалуу бут кийимди таштаба.

5 эреже: Нейл-артка кызыкпа, тырмактын табигый көрүнгөнү сулуу.

6 эреже: Сызыктары жана башка заттары жок туура джинсы кий!

7 эреже: Негизги гардеробуң болсун (жакшы джинсы, ак көйнөк, чакан кара көйнөк, классикалык кара шым, кара жана ак кофта, ийинге илинген ак майка, саргыч кашемир пальто, кайык-туфли жана башкалар)

8 эреже: Бет боёкту ашыкча боёнбо!

9 эреже: Мода кууп, сулуулук менен уятты ажырата албай калган абалга жетпе.

10 эреже: Өзүндү сүй!

Модалуу кийинип, чөнтөккө оорчулук келтирбеш үчүн, Эвелина акчаны кайсы багытта жумшоо керектигинке кеңеш берет:

Аксессуар кийим менен да маанилүү, ага өзгөчө көңүл бөлүү кажет

Кийим эмес, бут кийим кымбат болсун. Баалуу сумка, тартымдуу бут кийим жана зер буюм тагып, жөнөкөй джинсы шым менен аппак футболканы куур менен бирге кийсеңиз стильдүү кийинген болосуз.

Кийим өзүңүз тууралуу маалымат берерин унутпаңыз

Акчаны күздө кийчү пальто, плащ, кышта керек болгон тон, кемсел же тери тону сыяктуу баалуу кийимдерден аябаңыз. «Аялын күйөөсүнүн көйнөгүнүн жакасына карап сына, ал эми күйөөсүн аялынын кийген тонуна карап сына» дейт.

Винтаж кийимдерди да модага айлантууга болот

Заманбап үлгүдөгү кийим менен мурунку (винтажды) модадагы кийимди бирге кийип, сулуу көрүүнүгө болот. Апаңыздын же чоң энеңиздин гардеробун өз кийимиң менен кантип айкалыштырууга болоорун ойлонуп көрүңүз.

Саркеч көрүнүү ал адамдын жакшы табитинен кабар берет

Ал эми стильдүү кийимди бир күндө барып сатып алуу – ысырапчылык. Анткени, өзүңө жаккан нерсени бир күндө сатып алуу мүмкүн эмес. Кээ бир кездерде эски кийимдерге кайрадан жан берүүгө болот. Мисалы, көйнөктүн жакасын кооз мончоктор же бисерлерди тигип койсоңуз, плащь же пальтонун жеңин келиштирип кыскартып койсоң, жаңы модалуу жана кызыктуу кийим пайда болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!