Модадан чыкпаган жети кийим

Модадан чыкпаган жети кийим
7-Фев. 2018, Шаршемби, 11:33

Убакытка багынбаган кийимдер да бар. Акчаңызды үнөмдөп калууга мүмкүндүк табыш үчүн модадан чыкпай турган кийимдердин тизмегин сунуштайбыз.

Джинсы шым

Бул шым түрү ар бир базалык гардеробдун негизги элементи. Анын ыңгайлуулугу, универсалдуулугу жана бул үлгүүдөгү шымдардын кенен таралгандыгынан байкоого болот. Аны айкалыштырып кийүүнүн көптөгөн ыкмасы бар. Аны менен кеңсеге арналган смарт-кэжуал топтомун, свитер менен айкалыштырып күнүмдүк образды, пайеткасы бар топ менен кечки иш-чарага арналган кийим үлгүсүн жасоого болот.

Көлөмдүү свитер

Жөнөкөй свитерден анча көрүнбөшү мүмкүн, ал эми оверсайз свитерди бир заматта жактырып каласыз. Көлөмдүү свитер ар бир мезгилдин салкын кечтеринде куткарат. Азыркы кезде мындай свитерди классикалык шым менен жана миди же карандаш юбкалары менен айкалыштыруу саркеч көрүнүүгө болот.

Торлогон блейзер (пиджак)

Бул кийим классикалык стилге киирет. Мындай тор пиджак менен кеңсе стилиндеги кийим үлгүүсүн түзө аласыз. Ошону менен бирге, аны футболка, водолазка же көйнөктүн сыртынан кийсе жарашат. Ал джинсы шым менен да жакшы айкалышат. Ал бир нече мезгил катары менен мода болуп келе жатат жана дизайнерлер анын азыр модадан чыкпаарын айтышат.

Тренч

Одри Хепберн кинодо да, өмүрдө да тренч кийип жүрүп өттү. Андан бери анын үлгүсүндө айтаарлыктай өзгөрүштөр болгон жок. Мисалы, металл кездемеден, жылтырак териден жана космос түстөгү түрлөрү сунушталды. Бирок, ушул күнгө чейин өзүнүн атактуулугун жоготпогон саргыч түстөгү, классикалык жана тизеге чейинки узундуктагы тренч мода болууда.

“Сamel” пальтосу

“Сamel” пальтосунун тарыхы 70-жылдардан башталат. Эң биринчи жолу пальтону кийген моделдерди “Max Mara” бренди чыгарат. Эки жагынан бирдей өлчөмдөгү пальто өз популярдуулугун жоготкон эмес. Ал быйылкы күз-кыш коллекциясынын топтомуна кирди. Бул пальтону ар кандай бут кийим менен кийсе жараша берет.

Токулган көйнөк

Токулган көйнөктүн түрлөрү көп, бирдей өңдөгү, бирдей формадагы, классикалык жеңи бар жана жакасы бар токулган көйнөктөрдү тандасаңыз болот. Аны бир нече жыл катары менен кийе аласыз.


Келли сумкасы

Монако ханышасы Грейс Келлинин камера алдында “Hermes” брендинин сумкасын менен көп көрүп келебиз. Мындан улам ал сумка анын сүйүктүү сумкасы болуп калды. Ал алгач чыккан кездерде классикалык үлгүдөгү сумка болуп келген болсо, азыр бийкечтер кэжуал стилине айкалыштырып көтөрүп жүрүшөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!