Жазында бул кийимдерди сатып алыңыздар

Жазында бул кийимдерди сатып алыңыздар
9-Март 2018, Жума, 13:16

Жаздын алгачкы күндөрү да келип калды. Жазында өзгөчө жаркырап, жайнап көрүүнү баарыбыз каалайбыз, ошондуктан бүгүн стильдүү көрүнүүнүн 5 ыкмасын сунуштайбыз.

Жеңил пальто

Тондоруңуз менен кара түстү пальтолоруңуздун ордуна ачык түстүү кийимге алмаштырууга убакыт жетти. Азыркы сырткы кийимдердин да үлгүсү өтө көп, кээде тандаган учурда кыйналабыз. Ошентсе да, ак сары жана лаванда түстөгү пальто ушул жаздын саркеч кийимдеринин бири.


Костюм-шым

2018-жылдын жаз айында мода адистери костюм-шымдардын бейтарап түсүн тандоого чакырышат. Ал эми трендде- асман көк, агыш жашыл, ала кызыл түстөр болмокчу.


Тор шымдар

Бул шымдардын классикалык түстөрү ар дайым модалуу болуп саналат. Бут кийимдин ар кайсы түрү менен айкалышып кете берген бул шымдардын боз же ак кара түстөрүнө маани бериңиз. Ошону менен бирге кенен шымдар да ишкер кыздар үчүн эң мыкты тандоо болмокчу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!