Айт маарек болсун!

Айт маарек болсун!
13-Июнь 2018, Шаршемби, 16:28

Мына мынтип 30 күндүк орозо да акырындап аягына чыгып жатат. Бардык мусулмандардын улуу салтанаты болгон - Ораза айт майрамы. Бул күнү Алла Тааланын ыраазычылыгы үчүн бир ай бою ооз жабып, беш парздын бирин аткарган адамдар орозо кармоосун аякташат. Орозо айттын тарыхы терең жана мол.

Тарыхый маалыматтарга таянсак, Ораза айт 624-жылдан бери белгиленип келет. Айттын маанисине келе турган болсок, «айт» - кубаныч менен шатыкка толгон күн деген маанини же болбосо «майрам», «маареке» деген түшүнүктү билдирет. Алла Таала айт сайын адам баласына ар түрдүү жакшылыктарды берет. Орозо айт майрамы үч күн бою майрамдалат. Айт майрамы алгач эле айт намазын окуу менен башталат.

Ал күнү эртең менен эрте туруп, гусул алып, мечитке же аянтка - айт намазына жыпар жыттанып баруу - Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) сүйүнө жасаган амалдарынын бири. Ошондуктан, бул амал мустахаб болуп саналады. Себеби, бул касиеттүү жума сыяктуу көпчүлүк менен ачык-айрым аралаша турган күн. Жума күнү кандай амалдар сүннөт болгон болсо, айт күнүндө да ошондой. Ушул айтка байланышты дагы бир сүннөт амалы тууралуу хадисте:

«Пайгамбарыбыз (с.а.в.) айт күнү мечитке барган жолу менен кайтпай, башка жол менен келер эле», - делинген.

Бул да ар бир мусулман үчүн - сүннөт. Касиеттүү Рамазан айынан кийин келген ушул улук мааракени дүйнөдөгү жалпы мусулмандар айрыкча кубаныч менен тосуп алышат. Анткени Рамазан - береке менен биримдик, бейкутчулук, ийгилик, кечирим, мээрим жана кайрымдуулуктун айы болсо, үч күн бою тойлоно турган Орозо айт адамдардын жан дүйнөсүн, аң-сезимин, маанайын кубанычка бөлөп, жаман нерседен тазалоочу улуу майрам болуп саналат. Арадан канчалаган кылым өтсө да бул улуу майрамдын маани-маңызы кемибей, тескерисинче жыл өткөн сайын артып келет.

Айт майрамында ата-энелерибиздин, оорулуулардын, тууган-уруктун ал-абалын сурап баруу чоң сооп берилет.

Алла Таала касиеттүү Куранда:

«Аллага сыйынгыла, ага эч нерсени теңештирбегиле, ата-энелериңерге, туугун-туушкандарга, жакын кошунага (мусулман коңшу), башка коңшуга (жөн гана кошунага), жан-жолдошторуңа (бирге иштеген), мусапырга, кол алдыңдагыларга жакшылык жасагыла», - дейт («Ниса» сүрөсү, 36-аят).

Пайгамбарыбыз Мухаммед (с.а.в.): «Ата-эне ыраазы болбой, Алла Таала ыраазы болбойт», - деген.

Андай болсо, айт күнү ата-энеге сый-ырмат көрсөтүп, ыраазычылыгын алуу керек. Ал, эми өтүп кеткендерге Куран окуп, арбагына багышталат. Касиеттүү Рамазан айынан кийин келген улуу маареке – Орозо айт куттуу болсун! Элибиз тынчылык менен бакубат жашоонун кучагында өсүп-өнүгө берсин!

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!